Жаңыл Жусубжан: Кыргыз актерун арзан болгон үчүн тандап алдыңыздарбы?
Сакен Нарымбетов: Арзан болгон үчүн эмес, Азиз Бейшеналиевдин аурасы мыкты, кудай берген таланты бар.
Жаңыл Жусубжан: Кыргыз киносунун бүгүнкү абалына кандай баа бересиз?
Сакен Нарымбетов: Кыргыз киносун мен өзүмдөн бөлүп карай албайм, анткени мен кинодогу өмүрүмдү кыргыз киносунда баштагам. Менин төрт фильмимде Советбек Жумадылов ойногон. Ал киши мага дос да, байкем да болгон. Мен өндүрүшкө келген күнү бүткүл студия тамашалайт "мына, Нарымбетовдун кыргыздары келатат, кыргыздардын бригадасы келатат" деп.
Мустафа тууралуу фильмде эки оператор болсо, экөө тең кыргыз – Мурат Алиев менен Касан Кыдыралиев. Кыргыз киносу өлгөн жок. Актан Арым Кубат деген жигит бар. Ал экөөбүз фильмдерибиз менен дүйнөнү далай араладык, өтө таланттуу жигит. Эрнис Абдыжапаров, Марат Сарулу деген жигиттер бар. Ошондуктан кыргыз фильми тукулжурап калды деп айта албайм. Бир гана өкүнүчтүүсү - өкмөттөн акча аз.
Жаңыл Жусубжан: Кыргыз киносуна казак туушкандар жардам бере алабы?
Сакен Нарымбетов: Өзүбүзгө жетпей жатат. Бирок биз Актанды фильм тартканга чакырганы жатабыз. Биздин Эрнис Турсунов деген соавторубуз бар. Экөө "Келин" деген фильмдин сценарийин жазып бүтүштү. Күзүндө чакырып алабыз кино тартканга. Ортодо байланыштар бар.
Жаңыл Жусубжан: Ошентип сиз казак киносунда кыргыздарга бригадир турбайсызбы?
Сакен Нарымбетов: Ооба, мен бригадир болдум.
Жаңыл Жусубжан: Кыргыз киносу өлгөн жок деп айттыңыз, албетте сиздей чоң режисердун оозунан чыккан мындай жылуу сөз кубандырбай койбойт. Прагада сапарыңыздар байсалдуу болсун.