Нарын: өкмөт башчы жол курулушун сынга алды
Премьер министр Сооронбай Жээнбеков 15-июлда Нарын облусунда болду. Бир күндүк иш сапардын алкагында Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун оңдоо иштери менен менен таанышып, иштин сапатсыз жүрүп жаткандыгын сынга алды. Узундугу 500 чакырымдан ашкан Бишкек - Нарын - Торугарт жолун эл аралык донорлор жана Кытайдын бир нече компаниясы курууда. Жолдогу курулуш 2010-жылдын жаз айында башталган. Азырынча жолду оңдоого жалпы чыгымдын суммасы так айтыла элек.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 30, 2025Шайлоо-2025: Элдин күткөнү эмне?
-
Ноябрь 30, 2025Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
-
Ноябрь 30, 2025Элге кандай депутат керек?
-
Ноябрь 26, 2025"Орусия чек арадагы чектөөнү алып, сый мамиле кылышы керек"
-
Ноябрь 25, 2025Бишкекте иштеген Бангладеш жарандары бийликке кайрылды
-
Ноябрь 22, 2025Баткен: Мал-жандыкка кам көргөн ветеринар жубайлар