Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти. 

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

16:14 3.2.2021

Умбетали Кыдыралиев: Суу бул дүйнө жүзүндө экономикалык товар. Бул маселени көтөрүшүңүз керек. 21-кылымда жашап атып Токтогул суу сактагычында мынча суу калды деп айтуу мага уят. 

16:37 3.2.2021

Депутат Дастан Жумабеков өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Улукбек Мариповго сыртта ага каршы митинг өткөрүп жаткандарды кабыл алууга кеңеш берди. 

16:54 3.2.2021

Парламент Улукбек Марипов башында турган өкмөт курамын бекитти.

Сөз алган Улукбек Марипов депутаттар менен биргеликте иш алып бара турганын белгиледи. Жакшы өкмөт катары тарыхта калгысы келерин айтты. 

16:55 3.2.2021

Парламент спикери Талант Мамытов жаңы өкмөттүн курамына ийгилик каалады. 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG