Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

"Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

13:24 15.9.2025

Орусиянын армиясы 15-сентябрга караган түнү Украинага үч ракета жана ар кандай типтеги 84 учкучсуз учак менен сокку урду.

Бул тууралуу Укрананын Аба күчтөрү билдирип, жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00гө карай абадан коргонуу системасы 59 дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Ракеталар менен 25 дрондун 13 локацияга тийгени аныкталганын кошумчалады.

Маалыматка караганда, орус армиясы Краматорскини бутага алган. Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Александр Гончаренко калаанын борбордук бөлүгүнө үч авиабомба башталып, тогуз киши жараат алганын айтты.

14-сентябрдын кечинде Орусия Украинанын Сумы облусундагы Боромлянск кыштагынын четине ракеталык сокку урган. Сумы облусунун жетекчиси Олег Григоров орусиялыктар айыл чарба техникасы түшүм жыйнап жаткан талааны бутага алганын билдирген. Соккуда эгин жыйнап жаткан бир нече киши жараат алган. 11 адам ооруканага түшкөн, биринин абалы оор.

Орусия 15-сентябрга оогон түнү Запорожье районуна да сокку уруп, андан бир айыл жамааты жарыксыз калды, бир нече жер тамда өрт чыкты.

11:45 15.9.2025

АКШнын президенти Дональд Трамп Европа Биримдигине Орусияга каршы санкция киргизүү үчүн аткарылбас шарттарды койгонун The New York Times жазды.

Буга чейин Трамп Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү колдоого даяр экенин, мындай кадам НАТО өлкөлөрү орус мунайын алуудан толук баш тартса гана ишке ашырыларын билдирген.

Ошондой эле ал ЕБди Кытай 50-100% бажы төлөмдөрүн киргизүүнү чакырды.

The New York Times Трамптын талабын аткарууга мүмкүн эместигин, анткени Венгрия, Түркия Орусиянын мунайын ири сатып алуучу бойдон калганын, өз кезегинде бул мамлекеттерге АКШ президенти бир нече жолу "суктанганын" эске салды.

Шаркеттин көпчүлүк мүчөлөрү орус мунайын алууну кыскарткан, бирок Орусиянын газына көз карандылык бар.

Axios сайты жазгандай, Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинге олуттуу басым жасоого жөндөмү бар экенинен күмөн санайт.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон CBS каналына берген маегинде Орусияга каршы санкцияларга мезгил келип жеткенин, бирок акыркы чечимди Трамп кабыл аларын айтты.

Жонсон "бардык мыйзамдарга президент кол кое тургандыктан, Конгресс өз демилгесинин негизинде гана иш алып бара албай турганын, санкция маселесинде "өнөктөштүк" болушу керектигин" кошумчалады.

11:44 15.9.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский 14-сентябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда Орусиянын мунай, газ жайларын таамай бутага алган аскерлерге ыраазылык билдирди.

«Орусияга чынында олуттуу жоготууларды алып келип жаткан биздин жоокерлерге өзгөчө ыраазылык билдиргим келет. Согуштагы жоготуу, чек арадагы жоготуу. Биздин ыраактан урулган соккулардан улам Орусиянын ичиндеги жоготуулар. Натыйжалуу жана баарынан тез иштей турган санкциялар — бул Орусиянын мунай заводдоруна, алардын терминалдарына, мунай базаларына сокку уруу. Орусиянын мунай тармагын олуттуу чектөө согушту да олуттуу чектейт», — деди Зеленский.

Украинанын учкучсуз аппараттары 14-сентябрда Орусиянын Ленинград облусундагы ири Кириши мунай заводуна сокку урганда катуу өрт чыккан.


15:56 14.9.2025

14-сентябрга караган түндө Ленинград облусунда Орусиядагы эң ири мунай зафоддордун бири - "Киришинефтеоргсинтез" заводуна сокку урулуп, жарактан чыкканын Украинанын куралдуу күчтөрү кабарлады.

Жергиликтүү бийлик Кириши шаарында бир нече учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, сыныктары кулаган кезде мунай заводунда өрт чыкканын маалымдашты. Ленинград облусунун губернатору Александр Дрозденко завоlдогу өрт жекшемби таңга жуук өчүрүлгөнүн ырастады. Каза тапкандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок.


Кириши мунай заводу Орусияда кубаттуулугу жагынан экинчи орунда турат. Завод жылына орточо 17,7 млн тонна мунай иштетет деп жазды Reuters.

Жума күнү учкучсуз учактар Ленинград облусундагы Приморск портундагы мунай терминалынын ишин үзгүлтүккө учуратышкан. Эки мунай танкери жарактан чыкканы айтылган.

Ошондой эле жекшембиге караган түндө облустун Луга жана Гатчина райондорунда жүк ташыгыч поезд рельстен чыгып, машинист каза тапканы кабарланды.

Орусиянын тергөө органдары эки учур тең диверсиянын натыйжасы болушун четке каккан жок. Окуя болгон жерде саперлер иштеп жатышат. Облуста темир жол коопсуздугун камсыздаган күч органдарынын иши күчөтүлдү.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG