Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

"Мунаса табыла элек". Кремлде Украина боюнча АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

20:15 19.9.2025

19-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагын 86 учкучсуз учак менен бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди. Дрондордун 71ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, алты жерде 15 дрон жерге түшүп, адамдар жабыркаганы маалымдалды.

Киев жана Павлоград шаарларында дрон чабуулунун кесепетинен кеминде эки киши жараат алганы белгилүү болду. Павлоградда, жергиликтүү бийлик маалымдагандай, бир нече жерде өрт чыккан.

Ал тапта Украина бийлиги дрондорду токтотуп калуучу учкучсуз учактарды көбүрөөк чыгарууну пландап жатканын өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.

Министр Денис Шмыгаль мындай чара Орусиянын жапырт чабуулдарынан коргонуу аракети экенин, орус аскерлери бир түндө 800гө чейин дрон учуруп жатса, аларга туруштук бериш үчүн Украинага күнүнө 1000 дрон керек экенин айтты.

Министрдин билдиришинче, дрондун иштешине зарыл болгон башкаруучу комплекстерди жасоодо мындай көлөмгө Украина жакын арада жетише алат.

19:01 18.9.2025

Украинанын армиясы 18-сентябрга караган түнү жана эртең менен Орусиянын алыскы аймактарындагы мунайды кайра иштеткен заводдорго сокку урду.

Дрондор негизинен Башкырстандагы мунайхимиялык комплексти бутага алган.

Салават шаарындагы "Газпром нефтехим Салават" ишканасына сокку урулганын украиналык Exilenova+ Телеграм-каналы билдирип, калаанын үстүндө көтөрүлгөн коюу түтүндүн сүрөт, видеолорун жарыялады.

Аталган каналдын маалыматына караганда, бул шаар согуш аймагынан 1400 чакырым алыстыкта жайгашкан, соккуда мунайды кайра иштетүүдө колдонулган жабдык иштен чыккан.

Башкырстандын башчысы Радий Хабиров заводго сокку урулганын ырастады. Каза тапкандар, жараат алгандар жок экенин айтты.

Украинанын Атайын операциялар күчтөрү бейшембиге караган түнү Орусиянын Волгограддагы мунай заводуна ("Лукойл-Волгограднефтепереработка") сокку урулганын билдирди.

Маалыматта бул ишкана жылына 15,7 млн тонна мунайды кайра иштетерин, бул Орусиядагы мунайды кайра иштетүүнүн 5,6% түзөрүн, чабуулдун натыйжасында заводдун иши токтоп калганын кошумчалады.

Волгоград облусунун губернатору Андрей Бочаров абадан коргонуу күчтөрү түндө учкучсуз аппараттардын жапырт чабуулунун мизин кайтарганын, Красноармейск районунда дрондун сыныгы кулаганда эки жеке турак жайдын терезелери күбүлүп, чатырларына зыян келтирилгенин кабарлады. Ал мунай заводуна сокку тууралуу маалымат берген жок.

19:00 18.9.2025

Украина 18-сентябрга караган түнү Орусиянын кезектеги согуштук дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Киев облустук администрациясы Николай Калашниктин айтымында, облус аймагындагы Бориспол шаарында "Шахед" учкучсуз учактарынын бир нече кампада өрт чыкты.

Буча районунда турак үй өрттөнгөнү маалымдалды.

Борбор калаа Киевдин мэри Виталий Кличко шаардын түндүк тарабындагы Оболон аймагында абадан коргонуу системасы иштегенин Телеграм каналына жазды. Суспiльне басылмасы Киевде жарылуу болгону угулганын кабарлады, мониторинг жүргүзүүчү топтор "Шахед" дрондору Киевди көздөй чыгыштан, батыштан жана түштүктөн учурулганын жазышты.

Полтава облусунун Миргород районунда Орусиянын кезектеги соккусунан темир жолдун иши убактылуу үзгүлтүккө учураганын, адамдар арасында жабыркагандар бар экенин "Азаттыктын" украин кызматы жазды.

Дрон чабуулуна кабылганын 18-сентябрда орусия да билдирди. Росавиация мекемеси Волгоград шаарындагы аэропортту убактылуу жапканы маалымдалды.

Жергиликтүү басылмалар Волгоград облусунун аймагында украиналык учкучсуз учактар кармалганын, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун биринде "өзгөчө абал" жарыяланганын жазышты. Бул ишкана жана жанындагы мунай базасы буга чейин да бир нече жолу бутага алынган.

15:55 17.9.2025

Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкцияларынын 19-топтому банктарды, энергетика тармагын жана криптовалютаны камтыйт.

Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен АКШ президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин X соцтармагындагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Еврокомиссия жакын арада жаңкы санкциялар пакетин тааныштырат. Мунай, көмүр, газдан түшкөн кирешеден туйтунган орус армиясы Украинада кан төгүп жатат.

"Буга чекит коюу үчүн Еврокомиссия орус газынан баскыч-баскычы менен баш тартууну тездетүүнү сунуштайт", – деди фон дер Ляйен.

Ал Трамп менен сүйлөшүү "жемиштүү болду" деди. Аны менен Орусияга экономикалык басымды күчөтүүдөгү биргелешкен аракеттер талкууланганын айтты.

Трамп буга чейин Батыш мамлекеттерин орус мунайын алуудан толук баш тартууга чакырган. НАТОнун бардык өлкөлөрү мунай алууну токтотуп, Кытай товарларына 100% бажы төлөмүн киргизилсе, Орусияга каршы олуттуу санкцияларды салууга даяр экенин жар салган.

CREA иликтөө борборунун маалыматына караганда, Орусиянын мунайын алармандардын сап башында Кытай (47%) менен Индия (38%) турат. Мындан тышкары Евробиримдиктеги өлкөлөр (6%) жана Түркия (6%) бар.

НАТОго мүчө мамлекеттердин арасында орус мунайын алгандардын эң ириси Түркия, ага Европадагы сатып алуулардын 26% туура келет. Трамп буга чейин орус мунайын сатып алууда деген негизде Индияга карата бажы төлөмүн көтөргөн, Кытайга карата чара колдонула элек.

Еврошаркет Орусиядан деңиз аркылуу чийки мунайдын импортуна мурдараак тыюу салган, анын баррели 47,6 доллардан ашпайт деген чек киргизген. 2025-жылдын жай мезгилине чейин орус мунайынын баррели 60 доллардан бааланып турган.

Буга чейин иштелип чыккан планга ылайык, шаркет Орусиянын мунайы менен газынан 2028-жылдын 1-январына чейин баш тартууну көздөп жаткан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG