Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык Axios басылмасына берген маегинде башкы максаты согушту токтотуу экенин, эгерде тынчтыкка жетишилсе өлкөдө президенттик шайлоо өтөрүн, өзү ага катышпай турганын айтты.
Зеленский Орусия менен узак мөөнөттүк элдешүү тууралуу келишим түзүлсө гана шайлоо өткөрүүгө умтуларын белгиледи.
Владимир Зеленскийдин президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктаган, бирок Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февралынан берки согуш шартында шайлоо өткөрүүгө мыйзам жол бербейт.
Маегинде Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен 23-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынын алкагындагы жолугушуусуна да токтолду.
Трамптан Украинага жаңы курал сураганын, ага АКШ президенти "бул маселени карайбыз" деп жооп бергенин айтты. Бирок кандай курал жөнүндө сөз болгонун тактаган жок.
Зеленский менен жолугушуудан кийин Трамп Орусияны кату сындап, аны "кагаз аюу" деп атаган. Украинанын Орусия тартып алган бардык аймагын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин жарыялаган.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Кошмо Штаттардын президентинин сынына жооп кайтарган.
"Орусия жолборс эмес. Орусияны аюу десек көбүрөөк окшошот. Бирок кагаз аюу деген жок", — деген Песков Трамптын сөзүнүн артында баарынан мурда АКШнын бизнес кызыкчылыгы, негизинен мунай менен газды көбүрөөк сатууга умтулуу турат деген. Америка президентинин айткандарына Зеленский менен жолугушуусу да таасир эткен болушу ыктымалдыгын жоромолдогон.
Копенгаген учкучсуз учактарга каршы чараларды күчөткөнү жатат. Даниянын бийлиги дрондордун өлкөнүн аба мейкиндигин бузушун «гибрид чабуул» деп сыпаттады.
Юстиция министри Петер Хуммельгордун айтымында, анын максаты эл арасында «коркуу сезимин» пайда кылуу. Андай окуялардын коркунучу сакталып жаткан чакта өкмөт учкучсуз учактарды аныктоо жана жок кылуу үчүн жаңы технологияларды сатып алууну, дрондорду атып түшүрүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алууну көздөөдө.
Белгисиз дрондорго байланыштуу Даниянын Ольборг шаарындагы аэропорт 24-сентябрдын кечинде учууларды убактылуу токтоткон.
Өлкөнүн түштүгүндөгү Эсбьерг, Сённерборг жана Войенс аэропорттору да аба мейкиндигинде дрондордун пайда болгонун кабарлап, бирок ишин улантты.
Даниянын коргоо министри Троелс Лунд Поулсен ал окуянын Орусия менен байланышы жоктугун айтты. Орусиянын Копенгагендеги элчиси Москванын дрон учурууга тиешеси жоктугун билдирди. Дания НАТО жана Еврошаркетке кеңешме өткөрүүнү пландап жатат. Бирок альянстын 4-беренесин колдонууну чече элек.
23-сентябрга оогон түнү Копенгаген жана Норвегиянын борбору Осло шаарларындагы аэропорттордо да дрондор учуп жүргөнү кабарланган.
Даниянын бийлиги ошондо учкучсуз аппараттардын Орусия менен байланышы болушу ыктымалдыгын билдирген.
Орусиянын Мамлекеттик думасы “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамды катаалдаштырган долбоорду акыркы окууда жактырды. Түзөтүүлөр “чет элдик агенттин” милдеттерин аткаруудан баш тартууга байланышкан беренеге киргизилүүдө. Мурда кылмыш ишин козгоо үчүн бир жылда эки административдик айып пул салуу каралса, эми бир айып пул салуу жетиштүү болмокчу.
Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, “Орусияны дос эмес өлкөлөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоо зарыл”.
Коопсуздук боюнча комитеттин жетекчиси Василий Пискарёв 2023-2025-жылдар аралыгында 1620 административдик протокол түзүлгөнүн билдирди.
“Чет элдик агент” түшүнүгү Орусиянын мыйзамдарына 2012-жылы киргизиле баштаган. Алгач бул макам чет элден каржылык жардам алган жана саясий ишмердүүлүк менен алектенген коммерциялык эмес уюмдарга берилчү. Кийинчерээк мыйзамга өзгөртүү киргизилип, жарандык активист, журналист, укук коргоочу жана ЖМКга карата колдонула баштаган. Укук коргоочулар анын куугунтуктоо куралына айланганын белгилешет.
2025-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасы "чет элдик агенттер" макамын ыйгаруу боюнча кеңири мыйзамдар топтомун кабыл алды.
Орусия 25-сентябрга караган түнү да Украинанын аймактарын куралдын түрлөрү менен бутага алганын украин Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү маалымдады. Мекеменин Telegram баракчасындагы соңку кабарларга караганда, Винница облусунда энергетика объектилерине сокку урулду.
Аймактын аскердик администрациясынын башчысынын орун басары Наталья Заболотная чабуул таңкы саат төрттө болгонун, айрым жерлердеги энергетика ишканаларына согуштук дрон тийгенин кабарлады. Поезд жолдун ишине зыян келтирилгени да белгилүү болду.
Харьков облусунун Купянск районунда соккудан улам тутанган өрттөн бир кишинин өмүрү кыйылганын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.
Орусия бейшембиге караган түнү Украинанын Донецк, Полтава жана Сумы облустарын да бутага алганы маалымдалды.
Согуштук дрондордун соккусуна кабылганын Орусия да билдирүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары жазганына караганда, Краснодар крайындагы Белореченский районунда кеминде алты жарылуу болду.
Сочи аэропортунда түндө учууга жана конууга убактылуу чектөө киргизилди. Краснодарда жана Туапседе учкучсуз учак коркунучу жарыяланды, жергиликтүү бийлик элди зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоого чакырды