Германияда 2-октябрда асманда пайда болгон белгисиз дрондун айынан Мюнхен шаарынын аэропортунда 17 рейс убактылуу токтотулду. AFP агенттиги 3-октябрда Германиянын федералдык полициясынын өкүлүнүн маалыматына таянып билдиргендей, аэропорттун жанында дрон учуп жүргөнүн айрым жарандар кабарлашкан, көп өтпөй учкучсуз учак аба майданынын так үстүнөн учканын көргөндөр да болгон.
Полиция тегеректе издөө, иликтөө иштерин жүргүзгөнү, бирок эч кимди аныктай албаганын DPA агенттиги маалымдады.
Каттамдардын тартиби бузулгандыктан 3 миңдей жүргүнчү убагында уча албаганы айтылды.
Мюнхен шаарында бул күндөрү Октоберфест иш-чарасы өтүп жатат, адатта ага дүйнөнүн чар тарабынан көптөгөн коноктор барат.
Сентябрь айында Даниянын аэропортторунун жана аскердик объектилеринин үстүнөн белгисиз дрондор учканы катталган. Белгисиз учактар аба мейкиндигинин чек арасынан өтүп кеткенин Польша, Эстония жана Румыния да айтып чыгышкан.
Бул үчүн аталган өлкөлөр Орусияны айыпташкан. Орус бийлиги мындай кинени четке каккан.
2-октябрда Европа саясий бирлигинин жыйынында сүйлөп жатып үч жылдан ашык убакыттан бери Орусиянын тынымсыз аткылоосуна кабылып келаткан Украинанын президенти Владимир Зеленский Европанын кайсы гана жери болбосун, Орусиянын дрон соккусуна кабылышы ыктымал экенин эскерткен.
"Орустар Польшага каршы дрон колдонууга, Түндүк Европанын аба мейкиндигин бузууга батынып жаткан болсо, демек, мындайга Батыш Европа да, түштүк да кабылышы мүмкүн", - деген украин лидери.
Орусия жана Украина согуш туткундарын айырбаштады. Украинанын президенти Владимир Зеленский бул маалыматты бышыктап, 183 катардагы аскерлер менен сержанттар, эки офицер жана 20 карапайым киши үйүнө кайтарылганын билдирди.
"Биздин жоокерлер Мариуполду жана „Азовстальды“, Чернобыл АЭСин коргогон. Көбү 2022-жылдан бери туткунда болчу, акыры алар үйдө", - деп жазды Зеленский.
Ага чейин Орусиянын Коргоо министрлиги 23-июлда Стамбул шаарында жетишилген макулдашууга ылайык орусиялык 185 аскер кайтарылганын, украиналык 185 аскер өткөрүлүп берилгенин маалымдаган. Мекеме андан тышкары 20 карапайым киши кайтып келгенин кошумчалады. Маалыматка ылайык, ушу тапта аларга Беларуста медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүүдө.
Буга чейин тараптар акыркы жолу августтун аягында 146дан туткундан алмашкан. Ошондо украин аймагына кирип кеткен Курск облусунун сегиз тургуну да кайтарылган.
Ага чейин Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мындан көп киши айырбашталган.
Май жана июнда өткөн кездешүүлөрдө украин жана орус делегациялары башка олуттуу мунасага жетише алган эмес.
АКШ президентинин администрациясында Украинаны Орусиянын чек арадан алыскы аймактарындагы энергетикалык объектилерине ракета менен сокку уруу үчүн чалгын маалымат менен камсыздоо тууралуу чечим кабыл алынганын 1-октябрда The Wall Street Journal басылмасы жазды.
Басылма Ак үйдөгү өз булактарына таянып маалымдагандай, Кошмо Штаттардын чалгын кызматы президент Дональд Трамптын Украинага маалымат берүүгө уруксатын жакында алган, НАТО өлкөлөрүнө да ушундай эле сунуш берилген.
Reuters жазгандай, Вашингтон чалгын маалыматын Киев менен буга чейин да бөлүшүп келген, бул жолу сөз "Кремлди кирешеден жана мунайдан ажыратуу максатында мунайды кайра иштетүүчү заводдорго, куурларга, электр станцияларына жана башка инфраструктурасына сокку урууну жеңилдетүү" тууралуу болуп жатат.
26-сентябрда британиялык The Telegraph дипломатиялык булактарга таянып жазгандай, украин президенти Владимир Зеленский жакында АКШда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын алкагында Трамп менен жолугушканда андан алысты бутага алуучу Tomahawk канаттуу ракеталарын берүүнү суранган. Бул ракета 2500 км аралыкка чейин уча алат.
Орусиянын армиясы 30-сентябрга караган түнү Украинанын Сумы облусунун Чернетчина айылындагы турак үйгө дрон менен сокку урду.
Сумы облустук аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоровдун айтымында, соккуда бул үйдө жашаган түгөйлөр жана алардын 4, 6 жашар эки уулу каза тапты. Куткаруучулар алардын сөөгүн уранды алдынан чыгарышты.
"Бул өтө оор, орду толгус жоготуу. Чернетчинадагы бир үй-бүлөнүн жок болушу биз эч качан унутпай жана кечирбей турган кайгы", - деп жазды Григоров Телеграм каналына.
Украинанын Сумы облусу Орусия менен чектеш аймакта жайгашкан. Орус армиясынын аткылоосуна тынымсыз кабылып келатат.
29-сентябрга оогон түнү Конотопский районундагы калктуу пункттардын бирине урулган соккуда бир киши жараат алган.
Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар Орусиянын соккуларын согуш кылмышы катары карашат.
Москва өз армиясы Украинанын жарандык инфраструктурасы менен карапайым калкка атайлап сокку урат деген айыптоолорду моюнга албайт.