Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ мамлекет башчысы Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшкөндө ок атышууну токтотуу үчүн Донецк облусун өз көзөмөлүнө алуу шартын койгон.
Бул тууралуу The Washington Post басылмасы жогорку кызматтагы эки булагына таянып жазды.
Гезиттин маектеши белгилегендей, Путин анын ордуна Запорожье жана Херсон облусунан баш тартууга даяр экенин билдирген.
The Washington Post Москванын аймактарды өзүнө каратуу талаптары августта Аляскадагы жолугушууда айтылгандан бир аз өзгөргөнүнө көңүл бурган. Булактардын айтымында, Ак үйдүн айрым жооптуу кызмат адамдары муну оң жылыш катары карап, бирок буга Украина макул болушу арсар экенин белгилеген.
Гезиттин бир булагы жума күндөгү жолугушууда АКШ президентинин чабарманы Стиф Уиткофф украин делегаттарына Донецк облусун Орусиянын көзөмөлүнө өткөрүп берүүгө “басым кылганын” айткан.
Трамп орус лидери Путин менен 16-октябрда телефондон сүйлөшүп, эртеси күнү украин президенти Владимир Зеленскийди Ак үйдө кабыл алган. Кошмо Штаттардын мамлекет башчысы алдыдагы эки апта ичинде Будапештте Орусия менен АКШ саммити өтөрүн билдирген.
The Washington Post'тун кабарчылары бул боюнча Ак үйдөн да, Кремлден да комментарий ала алган эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин Вашингтондогу сүйлөшүүсү олуттуу ийгиликке жеткен жок. Бирок талаш-тартыш, жаңжалсыз аяктады.
Сапар алдында Зеленский "Томогавк" ракетасы баштаган аскердик каруу-жарактарды алары айтылган. Бул куралдар ага төрт жылдан бери согушуп жаткан Орусияга такаат берүү үчүн аба-суудай эле керек.
Орусия менен Украина электр түйүндөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу Запорожье атомдук электр станциясынын аймагына ок атпоону сүйлөштү. Бул тууралуу Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) билдирди.
Европадагы эң ири атомдук электр станциясын Орусия 2022-жылы Украинага кол салганда басып алган. Электр энергиясын өндүрүү токтотулган, бирок станцияга сырттан электр энергиясы менен камсыздоо зарылдыгы бар. АЭСти электр линияларына туташтырган байланыш иштен чыккан, буга Москва менен Киев бири-бирин айыптап жатат.
Агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси билдиргендей, оңдоочу адистер ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин негизинде объектиге кирүүгө уруксат алышкан. Запорожье атомдук электр станциясы төрт жума бою сырттан электр менен камсыздалбай калган жана электр энергиясын дизелдик генераторлордон алып турган.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдө 17-октябрда АКШ президенти Дональд Трамп менен өткөн жолугушуусунда украин тарап үмүттөнгөндөй Кошмо Штаттардан "Томагавк" ракеталарын алуу тууралуу конкреттүү сөз же чечим болгон жок.
Зеленскийдин айтымында, жолугушууда Украинага абадан коргонуу каражаттарын берүү маселеси талкууланды, тараптар бул жаатта чогуу иштеп жатышат. Ал эми алыска атуучу курал тууралуу эки президент, Зеленский белгилегендей, сүйлөшпөөнү чечишти, анткени "АКШ эскалация болушун каалабайт".
"Орусия, менимче, "Томагавктардан" аябай эле коркуп жатат", - деген украин президенти орустар бул ракетанын өзүнөн эмес, Украинада жасалуучу курал менен чогуу колдонулушунан чочулоодо.
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу эки сааттан ашык убакыт уланды.
АКШ президенти өзүнүн Truth социалдык түйүнүнө жолугушуу абдан кызыктуу жана жылуу маанайда өткөнүн жазды:
"Бирок мен ага Путинге айткандай эле адамдардын өлүмүн токтотуп, КЕЛИШИМ түзүүгө убакыт келип жеткенин айттым. Алар азыркы жетишкенинен токтошу керек".
Зеленский өз кезегинде Трамптын айтканына макул экенин белгилеп:
"Бирок биз маселе Путинде экенин түшүнүп эле турабыз да. Бул согушту биз баштаган жокпуз", - деди жана Украинага тынчтык алып келе турган кандай гана сүйлөшүү болбосун, даяр экендигин кошумчалады.