АКШ президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путиндин өзөктүк дүрмөт ташыган алыска учуучу ракета сыноодон өткөнү тууралуу билдирүүсүн сындады. Кремл өз коопсуздугун камсыздоону максат кылганын айтууда. Ал арада Орусиянын аскерлери украин аймагын аткылап атат. Жекшембиде Киевде соккулардын бири үч кишинин өмүрүн кыйган.
Трамп Путиндин алыска учуучу жаңы канаттуу ракета тууралуу билдирүүсүн орунсуз деп атады. CNN телеканалы маалымдагандай, америкалык лидер орус президенти ракеталарды сыноо менен алектенбей, андан көрө Украинадагы согушту аяктоонун үстүнөн иштөөгө тийиш деп комментарийледи. Трамп ошондой эле АКШнын Орусияга жакын жерде суу астында сүзүүчү атомдук кемелери бар деп кошумчалады.
Жекшембиде Путин атомдук дүрмөт ташыган "Буревестник" канаттуу ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөрүлгөнүн билдирген.
Маалыматка караганда, Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимов баштаган жетекчилердин катышуусунда жыйын өткөргөндө сөз болгон курал кандай сыналганына кызыккан.
"Сыноо 21-октябрда жүргөн. Буга чейинкилерден айырмаланып, бир нече саат тынбай 14 миң километрди учуп өттү. Мындан да ашып өтсө болот. Ооба, ядролук дүрмөт ташыйт. "Буревестниктин" тактикалык-техникалык өзгөчөлүгү аны каалаган аралыктагы жакшы корголгон бутага каршы колдонууга мүмкүнчүлүк берет", - деп жооп берди Герасимов.
"Буревестник" тууралуу Путин биринчи жолу 2018-жылы айтып чыккан. 2019-жылы августта Архангельск облусундагы Ненокса ракеталык полигонунда жарылуу болуп, Орусиянын Росатом менен Коргоо министрлигинин жети кызматкери каза тапкан. Жарылуу радиациянын деңгээлинин көтөрүлүшү менен коштолгон.
Буга чейин ракета Жаңы Жердеги полигондо сыналганы айтылган. Nuclear Threat Initiative аналитикалык борбору америкалык чалгын кызматына таянуу менен 2017-2019-жылдары "Буревестник" 13 жолу сыноодон өтүп, экөө гана "жарым-жартылай" ийгиликтүү ишке ашканын айткан.
2023-жылы октябрда Путин жаңы ракетаны сыноо ийгиликтүү өткөнүн жар салган. Көз карандысыз булактар "Буревестникке" тиешелүү бул маалыматты ырастаган эмес.
27-октябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков соңку сыноо Москва менен Вашингтондун алакаларына көлөкө түшүрбөй турганын, "Орусия өзүнүн коопсуздугун камсыздоону ойлоп", жаңы курал-жарактын үстүнөн иштеп жатканын айтты.
Азияга аттанып жатып кабарчылардын суроолоруна жооп берген Трамп Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалдыгы туралуу так жооп берүүдөн баш тартты.
Өткөн аптада АКШнын Финансы министрлиги Орусиянын "Роснефть" жана "Лукойл" компанияларына санкция салган. Ал компаниялардын экспорттук кирешеси Кремлдин согушту каржылоосунда маанилүү роль ойнойт.
Москва бул кадам эки тараптуу мамилелерге залака тийгизет деп сындаган.
Трамптын Орусияны тилге келтирип, согушту басуу аркеттеринен майнап чыкпай жатат. Орус аскерлери кошуна өлкөсүнүн тынч жаткан шаарларын, энергетикалык инфраструктураны аткылап келатат.
Дүйшөмбүдө Украинанын абадан коргонуу күчтөрү түн ичинде орус армиясы 100 пилотсуз учак менен аткылаганын, 66сы жок кылынганын же зыянсыздандырылганын билдирди.
26-октябрда Киевге коюлган чабуулдан үч киши каза болуп, 30дан ашыгы, арасында алты бала жабыркады.
Украинанын президенти Владимир Зеленский чабуулдун кесепеттери тартылган видео жарыялап, акыркы аптада Орусия Украинага ар кандай түрдөгү курал менен миңдеген сокку урганын айтты:
“Орусия Украинага каршы 1200гө жакын согуштук дрон, 50дөн көп түрдүү ракета, басымдуусу баллистикалык ракеталарды колдонгон. Мындай коркунучтан биргелешкен аракет көрүп гана коргонуу мүмкүн. Бир да өлкө ушундай коркунуч жаралганда жалгыз калбашы керек”.
Ал тапта Москванын мэри Сергей Собянин түн ичинде Домодедово жана Жуковский аэропорттору ишин убактылуу токтотконун, башкалаа көздөй учуп бараткан 34 дрон атып түшүрүлгөнүн кабарлады.
Бардыгы болуп, орус Коргоо министрлиги маалымдагандай, Украина 193 дрон менен сокку урду, Брянскиде автобустун айдоочусу каза тапты, беш жүргүнчү жараланды.
Согуш шартында бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
АКШ президенти Дональд Трамп Москва Украинадагы согушту токтотууга көнбөсө, Путинге жолугуу "убакытты текке кетирүүгө" барабар экенин айтты.
Трамп 25-октябрда Малайзияга бараткан жолдо Катарга токтоду. Өзүнүн Air Force One президенттик учагында бул өлкөнүн эмири жана премьер-министри менен жолукту.
26-октябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Киевге сокку уруп, шаардагы Десянский аймагында учкучсуз учактын сыныктары тогуз кабаттуу турак үйгө тийип, экинчи кабатта өрт чыккан. Анын кесепетинен үч киши каза болгонун калаа мэри Виталий Кличко билдирди.
Десянскиде дрон жарылуусунан көп кабаттуу үйдүн айнеги күбүлгөн. Дагы бир учкучсуз учактын сыныктары 16 кабаттуу үйгө кулаган.
Украинанын аба күчтөрүнүн маалыматында, Орусия Украинага 101 дрон учуруп , анын 90у атып түшүрүлгөн. Бешөө төрт объектиге тийген.
Украинанын президенти Зеленский соккудан кийинки видеону Телеграм-каналына жүктөп, "Орусиянын ар бир соккусу - жай турмушка болушунча зыян келтирүү" деп жазды.
Зеленский кошумчалагандай, Орусия соңку аптада Украинага ар кандай курал-жарак менен миңден ашуун сокку урган. Анын ичинде 1200ү дрон, 1360ү кол менен башкарылган авиациялык бомба, 50дөн ашууну түрдүү ракеталар менен жасалган.
Орусиянын армиясы 25-октябрга караган түнү Украинаны “Искандар-М” үлгүсүндөгү тогуз баллистикалык ракета жана 60тан ашык дрон менен аткылады.
Өлкөнүн Абадан коргоо күчтөрү төрт ракета жана 50дөй учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди. Украин бийлиги ракеталар кайсы аймакка түшкөнү тууралуу маалымат берген жок.
Киев шаарында ишембиге караган түнү катуу жарылуулар болду. Шаар мэри Виталий Кличко борбор калаа баллистикалык ракеталар менен аткыланганын кабарлаган.
Шаардын аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко соңку чабуулда эки адам мерт болуп, дагы ондой киши жараат алганын билдирди. Полициянын ырасташынча, анда көп кабаттуу үйлөр, бир бала бакча жана машиналар жабыркады жана соккудан улам тутанган өрттү өчүрүү уланууда.