Орусиянын президенти Владимир Путин менен Будапештте өтө турган саммиттин болбой калышына Украинадагы согуштун уланышы себеп экенин АКШ президенти Дональд Трамп Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушууда билдирди.
"Негизги маселе - алар жөн эле согушту токтоткулары келбегенде", - деди Трамп.
Трамп ошондой эле Венгрия деңизге жолу жоктугунан орусиялык энергоресурстардан көз каранды экенин белгиледи.
Энергетика булактары АКШ президенти менен Венгриянын премьер-министри талкуулаган негизги маселе болду. The Guardian ошол эле учурда Виктор Орбандын АКШ сапарын келерки жылы болуучу шайлоонун алдында позициясын бекемдөө максатында деп белгиледи.
Жолугушуудан соң АКШ Венгриянын мунай компанияларын Орусиядан мунай менен газ сатып алганы үчүн бир жылга чейинки аралыкта "кара тизмеге" киргизбөөгө убада бергени маалым болду.
Орусиянын Владимир жана Орел шаарларындагы энергетикалык инфратүзүм шаршембиге караган түнү чабуулга кабылды. Сокку Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан жасалышы ыктымалдыгы, алар Жылуулук энергетикалык борборуна чабуул жасаганы белгиленди.
Владимир облусунун бийлиги учкучсуз учактар тууралуу кабарлап, "Астра" басылмасы жарылуунун видеосун жарыялады. Анын кесепеттери тууралуу маалымат айтылган жок. Аймактын губернатору Александр Авдеев жашоочуларды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
Орелдо учкучсуз учактар атып түшүрүлүп, анын сыныктарынан бир нече турак жай, чарба курулуштары зыян тартканын жергиликтүү бийлик кабарлады. Тургундар жарыялаган видео тасмалардан улам "Астра" басылмасы жарылуу Жылуулук электр станциясынын аймагында болгонун жазды.
Орелдо ЖЭБ 31-октябрга караган түнү дагы чабуулга кабылган. Анда Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү "Нептун" канаттуу ракетасын колдонгонун билдирген.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, түнү аскерлер алты аймактан жана аннексияланган Крымдан 40 дрон жок кылышты. Владимир облусу тууралуу маалымат айтылган эмес.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 5-ноябрда 61 дрон атып түшүрүлгөнүн, жалпысынан 80 учкучсуз учак учурулганын билдирди.
Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик жөндөмүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.
4-ноябрга караган түнү Стерлитамак шаарындагы ишкана дрон чабуулуна кабылганын Башкырстандын башчысы Радий Хабиров билдирди.
Анын айтымында, эки пилотсуз учак тең атып түшүрүлдү, сыныктары өнөр жай зонасына кулап түштү. Бирок жетекчи кайсы ишкана тууралуу сөз болгонун айткан жок.
Ал эми шаардын мэри Эмил Шаймарданов нефтехимиялык заводдун цехинде жарылуу болгонун, ал жер жарым-жартылай ураганын маалымдады. Алдын ала кабарларга ылайык, ошол учурда цехте жүргөн беш кишинин эч кимиси жабыркаган жок.
Стерлитамак калктын саны жагынан жумурияттын Уфадан кийинки экинчи шаары, химия жана машина куруу өнөр жайынын ири борбору. Рейтер кабар агенттиги шаар украин чек арасынан бир жарым миңдей километр алыс жайгашканын белгилейт. Киев чабуулга байланыштуу комментарий жасай элек.
Украина жайында орус армиясын күйүүчү май менен камсыздаган мунай иштетүүчү завод, база жана терминалдарга чабул коюуну күчөткөн. Москва муну теракт деп атаса, Украина ал жайларды Орусия 2022-жылы баштаган согуштагы мыйзамдуу бута деп санайт.
Пентагон Ак үйгө алыска атуучу канаттуу Tomahawk ракеталарын Украинага берүүгө макул болгонун, эми акыркы сөз президент Дональд Трампта экенин CNN өзүнүн америкалык жана европалык булактарына таянып жазды.
Телеканалдын маалыматына караганда, аскердик мекеме макулдугун Ак үйгө октябрдын башында, Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусуна чейин берген. Ал кезде АКШ лидери Tomahawk Американын өзүнүн коопсуздугун камсыздоого керектигин айткан, азырынча расмий чечим кабыл алына элек.
CNN белгилегендей, Пентагон ракеталар Украинага берилсе АКШнын коргонуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасир тийгизбейт деп эсептейт. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Tomahawk маселеси дагы деле ачык турганын, ал бул тууралуу президент Трамп менен сүйлөшкөнүн билдирди. "Чечим Кошмо Штаттарда", - деди Рютте Лондондогу жолугушууда.
Дональд Трамп мурдараак эгер Орусия согушту токтотууга макул болбосо АКШ Украинага алыска атуучу канаттуу Tomahawk ракеталарын бере аларын билдирген.
Украина ракетанын бул түрүн алууга үмүттөнүп келет.
Москва эгер Вашингтон Украинага мындай ракета жагынан жардам берсе согуштун жүрүшүнө таасирин тийгизе албасын, бирок АКШ-Орусия мамилесине залакасын тийгизерин эскерткен.