Украина Грекиядан жаңы багыт аркылуу газ алууну макулдашты. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский Афиныга сапарга баргандан кийин билдирди.
Анын айтымында, макулдашуу Украинага газ жана энергетикалык жайларына Орусия сокку уруп жаткан чакта кыштан чыгууга жардам берет.
"Бул газ ташуунун дагы бир багыты болот. Бизде газ импорттоону каржылоо боюнча макулдашуу бар, биз дээрлик эки миллиард евролук муктаждыкты жабабыз", – деди Зеленский Телеграм-каналында.
Каржылык колдоону Украинанын Европадагы өнөктөштөрү, Еврокомиссиянын кепилдиги менен Батыш банктары көрсөтүүдө.
Зеленский билдиргендей, Украинага газдын биринчи партиясы январда келе баштайт. Көгүлтүр отун Александруполистен Одессага жеткирилет.
Грек премьери Кириакос Мицотакис өз өлкөсү Американын суюлтулган газын Борбордук жана Чыгыш Европага ташууда маанилүү транзиттик пунктка айланып жатканын айтты.
Bloomberg жазгандай, 2025-жылдын октябрына карата Орусиянын чабуулдарынан Украинанын газ өндүрүшүнүн теңинен көбү талкаланды.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 16-ноябрга караган түнү Орусия "Искендер-М" ракетасы жана 176 дрон менен чабуул койгонун, учкучсуз аппараттардын 139у атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Сумы облусундагы кыштакта орус армиясынын соккусунда турак жайлар өрттөнүп, бир киши жараат алганы кабарланды.Орусиянын Волгоград облусунда 16-ноябрга караган түнү эки райондо төрт турак жайга украин дрондорунун соккусунан зыян келтирилгенин, үч киши жараат алганын аймактын администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Алардын бири - 71 жаштагы пенсионер ийнинен жана айнек сыныктарынан жараат алып ооруканага жаткырылды. Калган экөө бейтапканага жатуудан баш тарткан.
Украина Орусиянын тынымсыз чабуулдарына жооп катара соккуларын улантып, негизинен орус мунай заводдорун, кампаларын бутага алып келет.
Орусиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, түнү Волгоград облусунун аймагында 17 дрон атып түшүрүлдү. Самара, Саратов, Ростов, Курск, Воронеж жана Брянск облустарында жалпы 57 учкучсуз аппарат жок кылынган.
Бир күн мурда украин дрондору Орусиянын Рязандагы мунайды кайра иштетүүчү заводуна сокку уруп, өрт чыккан. 14-ноябрдын түнү украиналык дрондордон Орусиянын Новороссийск шаарына соккусунда төрт даана С-400 абадан коргонуу комплекси жана эки радар жок кылынганы кабарланган.
Орусия Украинанын аймагына толук кандуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери миңдеген украин жарандарынын өмүрү кыйылып, миңдеген турак жайлар талкаланды, жүздөгөн украиналыктар жер которууга аргасыз болушту.
Орус армиясынын Украинанын Днепропетровск облусуна жасаган чабуулунан 65 жаштагы бир адам набыт болду. Бул тууралуу облустун губернатору Владислав Гайваненко кабарлады. Ал телеграм-каналына негизинен Никополь району аткыланганын, аны менен катарлаш турган үч район дагы жабыркаганын жазды.
Ишембиге караган түнү Украинанын бир катар аймагы чабуулга кабылды. Днепр шаарында бир канча жерден өрт чыгып, имараттар, машиналар жабыркады.
Соккулардан улам 15-ноябрда Украинанын көпчүлүк аймактарында электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилгени маалымдалды.
Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги ишембиге карага түнү Украинанын 64 дрону жок кылынганын билдирди. Министрликтин ырасташынча, учкучсуз аппараттардын теңине жакыны Рязань облусун бутага алган.
Аталган облустун губернатору Павел Малков чабуулдан улам кайсы бир ишканада өрт чыкканын маалымдады, бирок аны тактаган жок. Телеграм-каналдар бул кара май иштеткен завод болушу мүмкүн экенин жазып жатышат. Бул жай буга чейин дагы бутага алынган эле.
Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.
14-ноябрга караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын баш калаасы Киевге абадан жапырт сокку урду. Шаар мэри Виталий Кличко билдиргендей, Деснянский районуна жасалган чабуулдан үч киши набыт болуп, ар кайсы райондордо отузга чукул киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында эки бала жана кош бойлуу аял бар.
Кличко куткаруучулар урандылардын алдындагы адамдардын баарын алып чыга элек болгондуктан, курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин эскертти.
Көп өтпөй Киев шаардык аскердик администрациясынын жетекчиси Тимур Ткаченко өмүрү кыйылгандардын саны төрткө жеткенин тактады.
Полициянын маалыматына ылайык, бир катар райондордо 30га жакын турак жай жабыркады. Соккулардан медициналык мекемелер, коомдук транспорт, кеңселер, дүкөндөр жана автоунаалар талкаланды.
Орус армиясынын дрон соккусунан Одесса облусу да жабыркады. Бир киши жаракат алганын облус башчысы Олег Кипер билдирди.
"Абадан коргонуу күчтөрү дрондордун көбүн атып түшүрдү. Бирок, тилекке каршы, жарандык инфраструктурага жана энергетикалык объектке зыян келди", – деди ал.
14-ноябрдын таңында орус аскерлери Сумы шаарына да ракеталык сокку жасады. Бул тууралуу облус аскердик администрациясынын башчысы Олег Григоров билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы бир гана аскердик жайларга сокку урарын билдирип, карапайым тургундар отурукташкан аймактарга жасалган чабуулдарды четке кагып келет.