Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча АКШ сунуш кылган планда Киев айрым аймактардан жана куралдын айрым түрлөрүнөн баш тартуусу камтылганын Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди. Сунуштардын арасында Украинанын куралдуу күчтөрүнүн санын кыскартуу да бар. Reuters агенттигинин булактарынын айтымында, Вашингтон Киевдин пландын негизги жоболорун кабыл алышын каалайт.
Пландын айрым жагдайларын Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллер өз булактарына таянып жазды. Ага ылайык, украин армиясын эки эсеге кыскартуу жана Киевдин Донбасстан баш тартуу сунушу бар. Миллердин жазганына караганда, украин президенти Владимир Зеленский бул планга нааразы.
Мурдараак Axios басылмасы Вашингтон жана Москванын өкүлдөрү согушту токтотуунун жаңы планы боюнча жеке кеңешмелерди өткөрүп жатканын жазган. 28 пункттан турганы айтылган бул план АКШнын президенти Дональд Трамптын Газа тилкесинде жарым-жартылай ишке ашкан тынчтык планынан алынган.
Басылманын жазганына караганда, АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф планды Кремлдин өкүлү Кирилл Дмитриев жана Украинанын коргоо министри Рустем Умеров менен талкуулаган.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова шаршембиде АКШ кандайдыр бир келишим тууралуу кайрылбаганын билдирген.
Wall Street Journal жана Politico басылмалары Трамп Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө жаңы дем берүү аракети үчүн Киевге Пентагондун жогорку даражалуу делегациясын жөнөткөнүн жазды.
ЖМКлардын жазганына караганда, АКШ армиясынын министри Дэниел Дрисколл, армиянын штаб башчысы Дэнди Жорж Украинанын президенти баш болгон жетекчилер менен жолугушат деп күтүлүүдө. Басылма Дрисколл мындан сырткары орусиялык өкүлдөр менен дагы жолугарын маалымдады, жолугушуу кайда жана качан болору айтылган эмес.
Ак үй жана Пентагон сапар тууралуу расмий кабарлай элек.
Орус армиясынын соккусуна кабылган Украинанын Тернополь шаарында каза болгондордун саны 26га жетти, алардын үчөө балдар. 90дон ашуун киши жараат алды. Бул тууралуу Украинанын Улуттук полициясы кабарлады.
Орусиянын армиясы 19-ноябрга караган түнү Украинанын батыш аймактарына абадан сокку урган. Учкучсуз учактардын жапырт аткылоосуна Харьков дагы кабылды.
Ракеталык сокку Тернополь шаарындагы эки тогуз кабат үйгө тийген. Алардын биринин жогорку кабаттары толук урап калган. Экинчисинде өрт тутанган.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жазганына караганда, куткаруу иштери уланып жатат, курмандыктардын саны дагы өсүшү ыктымал. Украин тараптын билдиришинче, үйгө орусиялык X-101 ракетасы тийген.
Ракета-дрон чабуулунан кийин Украинанын Львов шаарында ири өрт чыкты, жабыркагандар тууралуу маалымат айтыла элек. Энергетика объектиси, кампалар жана жыгач иштетүүчү заводго зыян тартты. Ровненск, Ивано-Франковск облустары жана Украинанын батыш тарабы соккуга кабылды. Ивано-Франковск облусунда үч киши жараат алды, алардын экөө балдар.
Польша жана НАТОнун башка өлкөлөрү орус армиясынын чабуулунан улам аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн истребителдерин асманга көтөрдү. Чектеш аймактын аба мейкиндиги бузулганы тууралуу маалымат айтылган жок.
Зеленскийдин айтымында, Орусия жалпысынан 470тен ашуун учкучсуз учак жана ар кандай типтеги 48 ракета учурган.
Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар "аскердик-өнөр жай жана энергетикалык объектилерге" жана "Украинанын батыш аймактарындагы узак аралыкка учуучу учкучсуз учуучу аппараттардын кампаларына" урулганын билдирди. Мекеме "сокку максатына жетти жана бардык белгиленген буталар зыян тартканын" белгилеген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 17-ноябрда Франция менен абадан коргонуу системалары, согуш учактары жана ракеталар боюнча келишимдерге кол коюу ниетинде Парижге барды.
Аны Франция президенти Эммануэл Макрон Париждин жанындагы Вилакубле аскердик аэропортунда тосуп алды.
"Франция менен тарыхый келишим да даярдалды. Бул биздин аскердик авиациябызды, абадан коргонуу системаларды жана башка коргонуу мүмкүнчүлүктөрүбүздү күчөтөт. Келишимге дүйшөмбү күнү кол коюлат", — деп жазды Зеленский жекшемби күнү X cоциалдык түйүнүнө.
Өткөн айда Макрон алгачкы убада кылган алты учактан тышкары дагы Mirage истребителдерин берерин айткан. Ошондой эле Европадагы MBDA компаниясы чыгара турган Aster 30 ракеталарынын жаңы партиясы Украина колдоно турган SAMP/T абадан коргонуу комплекстери үчүн жөнөтүлмөкчү.
Серепчилер Рейтер агенттигине билдиргендей, Зеленский бул жолку сапарында андан дагы чоң авиациялык колдоо табышы мүмкүн.
Алардын божомолунда, Франция менен Украинанын ортосунда 10 жылдык стратегиялык авиация келишими түзүлүп, анда Dassault өндүрүшүндөгү көп функциялуу Rafale согуш учактарын берүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Орусиянын армиясы 17-ноябрга караган түнү Украинанын Харьков облусундагы Балаклея шаарынын борборуна эки жолу ракеталык сокку урду.
Шаардык администрациянын башчысы Виталий Карабанов билдиргендей, ракеталар көп кабаттуу үйлөрдүн жанына түшкөн.
Кийинчерээк Карабанов соккунун кесепетинен үч кишинин өмүрү кыйылганын, дагы ону жараат алганын, анын үчөө 2011, 2007 жана 2010-жылы туулган балдар экенин тактады.
Жараат алгандардын тогузу ооруканага жаткырылган, бири амбулатордук медициналык жардам алып жатканы кабарланды.