Орус президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан план Украинадагы согушту токтотууга негиз боло аларын айтты. Ал мындай оюн 21-ноябрда Коопсуздук кеңешинин отурумунда билдирди.
Путин Орусия АКШ сунуштап жаткан пландын долбоорун алганын, бирок орус тарап менен конкреттүү талкуу азырынча жүргүзүлбөгөнүн, анткени Украина сунуштарга макулдугун бере электигин айтты.
Талкууланып жаткан документти ал Аляскада АКШ президенти менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда каралган келишимдин "модернизацияланган версиясы" деп атады. Путин Москва сунуштарга макулдугун тастыктаганын, бирок Украина макулдугун бербегендиктен ошондон бери АКШ тараптан аракеттер убактылуу токтоп калганын айтты.
Ал ошондой эле АКШ Орусиядан айрым бир компромисстерге барууну суранганын белгиледи. Путиндин айтымында, Орусия азыр тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр, бирок аны Купянск жана фронттун башка участокторундагы абалдын динамикасы канааттандырууда. 4-ноябрдан бери, орус президенти кошумчалагандай, Украинанын Купянск шаары толук орус армиясынын көзөмөлүндө.
Ачык булактардын маалыматына караганда, Орусиянын аскерлери Покровск аймагында алдыга жылууда, ал эми Купянскта фронт линиясы дээрлик өзгөргөн жок. Украин аскерлери шаардан чыгып кеткенин билдиришкен эмес.
Ак үйдүн Украина боюнча тынчтык планы азыр кызуу талкуу болууда. Анын тексти ачык жарыялана элек, бирок планда Украина кээ бир жерлерин Орусиянын карамагында калтырышы керектиги, санкциялар бара-бара алынары жазылганы кабарланууда. Украин президенти Владимир Зеленский 20-ноябрдын кечиндеги кайрылуусунда өлкө өз тарыхындагы эң оор кырдаалга туш болуп турганын айтты.
Украина, Улуу Британия, Франция жана Германия АКШнын Украинадагы согушту токтотуу планына жооп катары өзүнүн сунушун даярдоодо. Бул тууралуу өз булактарына таянуу менен Reuters билдирди.
21-ноябрда украин лидери Владимир Зеленский өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери менен сүйлөштү. Алар НАТОго же Европага тиешелүү бардык келишимдер ич ара макулдашууну, өнөктөштөрдүн колдоосун талап кыларын белгилешти. Reuters жазгандай, АКШ тынчтык планын даярдоо учурунда Европа өлкөлөрү менен эч кандай талкуу жүргүзгөн эмес, Европа азыр Украинаны чечкиндүү колдоп жатат.
"Украинадагы согуштун токтошун биз баарыбыз каалайбыз, бирок, ал кандай бүтөрү маанилүү. Орусия өзү бастырып кирген бул мамлекеттен кандайдыр бир жеңилдиктердин болушун талап кылууга акысы жана мыйзамдуу укугу да жок",-деди Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас.
АКШнын согушту токтотуу планы азырынча ачык жарыялана элек, бирок бир катар булактар жазгандай, анда Орусиянын тоңдурулган активдеринен 100 млрд долларды Украинаны калыбына келтирүү боюнча АКШ жетектей турган иштерге жумшоо максаты жазылган. Бул схемага ылайык, Вашингтон анын 50% алат. Politico басылмасынын булактарынын айтымында, АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф сунуштаган мындай ыкма Европа Биримдигинин активдерди Киевге репарациялык кредит катары колдонуу планына тоскоол болушу мүмкүн.
Европалык дипломаттардын бири бул идеяны чуу жаратат деп баалап, европалыктар бул активдерди украиналыктардын пайдасына колдонуу жолдорун издеп жаткан чакта Трамп андан пайда көргүсү келгенин, ошондуктан аны бардык тараптар четке кагышы керектигин айтты.
Украинада согуш башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкынын 200 миллиард евролук активдерин тоңдурган. Бул каражаттын 190 миллиарды Белгиядагы Euroclear компаниясында жайгашкан. Украина пайыздык үстөктөн түшкөн каражаттарды алып турат.
Европа Биримдигинин өлкөлөрү тоңдурулган активдерден Украинага 140 миллиард евро өлчөмүндө репарациялык насыя берүүнү колдоодо. Еврокомиссиясынын планы боюнча, Украина кредитти согуш бүткөндө жана Орусия келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө макул болгон күндө гана жабууга тийиш экени айтылып келет. Ошондо гана Еврокомиссия бул активдердин акчасын кайтарып, Орусия аны пайдалана алат.
Украинада 21-ноябрга караган түнү Орусиянын соккусунан Запорожье шаарында кеминде беш кишинин өмүрү кыйылды, дагы үч киши жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси билдирди.
Облус башчысы Иван Федоров аймакка орус тараптан башкарылуучу авиабомбалар учуп баратканын эскертип, элди этият болууга чакырган.
Чабуулдун кесепетинен үйлөр, дүкөндөр, базарлар зыян тартканы маалымдалды.
Бир күн мурда Орусия Украинанын Харьков, Львов, Тернополь жана башка шаарларын абадан аткылап, жапырт сокку урган. Украин президенти Владимир Зеленский бул күнү орус аскерлери өлкө аймагын 470 согуштук дрон жана 48 ракета менен аткылаганын билдирген. Тернополдо 26 киши, арасында үч бала каза болгон. Мындан тышкары 93 киши, анын ичинде 18 бала жараат алган.
2022-жылдын февраль айынан бери Украина коңшусу Орусиянын толук масштабдуу согушунан жапа чегип келет. Чабуулдарды токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-ноябрдын кечинде америкалык делегация менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө АКШ сунуштаган тынчтык планынын ар бир пунктун талкуулоо уланарын, азырынча украин тарап ал боюнча кандайдыр бир так маалымат берип же билдирүү жасабай турганын айтты.
Зеленский кайсы маселелер Украина үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү экенин, тынчтык келишими өлкөнүн эгемендигине шек келтирбей, Орусия кайрадан кол сала албагыдай болушу зарылдыгын белгилегенин кошумчалады.
21-ноябрда айрым басылмалар АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан тынчтык планынын долбоорунда Украина Орусиянын айрым шарттарына макул боло тургандай пункттар бар экенин, Кошмо Штаттардын коопсуздук кепилдиги менен украиндер айрым жерлеринен баш тартууга мажбур болушу керектигин жазып чыгышты. Ушундай эле мазмундагы маалыматын 21-ноябрда украин парламентинин депутаты Алексей Гончаренко жарыялады, анда тынчтык келишимине кол коюлар замат бардык туткундар айырбашталып, атышуу токтой турганы жазылган.
Согуш шартында жарыяланган маалыматтардын баарынын аныктыгын тактоо мүмкүн эмес.