Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27
Украина кезектеги соккудан кийин.
Украина кезектеги соккудан кийин.

Украина: Орусиянын чабуулу уланды, Покровск боюнча маалымат берилди

Украинада согуш башталганына үч жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:30 29.11.2025

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия соңку чабуулунда кеминде 36 ракета жана 600дөй согуштук дрон колдонгонун, негизги бутага Киев шаары жана облусу алынганын, жеринде куткаруучулар жана тийиштүү кызматтар иштеп жатканын 29-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, сокку кайрадан энергетика тармагына, жарандык объектилерге урулду, көптөгөн турак жайлар өрттөнүп, талкаланды.

Соңку маалымат боюнча, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды, дагы отуздай киши жараат алды, Киевдин 500 чамалуу тургуну электр жарыгысыз калды.

Зеленский абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар тийиштүү санда камсыздалышы зарыл экенин кошумчалады.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү 29-ноябрга караган түнү Орусия аэробаллистикалык «Кинжал» ракеталарынан бешти, канаттуу Х-101, «Искандер-К» ракеталарынан 23тү, баллистикалык «Искандер-М» ракетасынан төрттү жана башкарылуучу Х-59/69 авиациялык ракеталарынан да төрттү учурганын, алардын жалпы жыйырма чактысын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн маалымдады.

Жапырт чабуул жасаганын Орусия өзү да тастыктады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматында ракеталардын жана учкучсуз учактардын бутасына "Украинанын аскердик-өнөр жай комплексинин ишканалары жана алардын ишин камсыздап турган энергетика объектилери" алынганын билдирди.

Орус бийлиги жайкын украиндер, жарандык эң зарыл инфраструктура жабыркаганын согуш баштагандан бери эле мойнуна албайт.

16:19 29.11.2025

Украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын соңку жапырт чабуулунан улам өнөктөш өлкөлөргө кайрылып, агрессиядан коргонууга жардамды күчөтүүгө чакырды.

Ал социалдык түйүндөргө бүгүнкү соккунун кесепети тууралуу сүрөт, видеолорду жарыялап:

"Биз бир күндү да текке кетирбей, абадан коргонуу системаларыбыз үчүн жетиштүү ракеталардын болушун жана бизди коргоо, Орусияга кысым көрсөтүү үчүн зарыл нерселердин баарын камсыз кылышыбыз керек. Москва дрон жана ракеталык соккуларын токтотпой жатса, демек, Европанын тоңдурулган активдер боюнча чечимин кабыл алууга убакыт келди. Бул согушту токтотуу үчүн зарыл болгон кадамдарды бардык өнөктөштөр менен талкуулашыбыз керек", - деп жазды.

16:06 29.11.2025

29-ноябрга караган түнү Украинада Орусиянын жапырт аткылоосуна борбор калаа Киев жана Киев облусу, Днепр жана Харьков аймактары кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Алардын айтымында, орус аскерлери учкучсуз учактарды жана авиабомбаларды колдонушту.

Киев калаасында көп кабаттуу бир нече үйгө согуштук дрон тийип, өрт чыкты, имараттардын кээ бир жерлери талкаланды. Жер тамдар да зыян тартканы маалымдалды. Куткаруучулар уранды астынан бир кишинин сөөгүн алып чыгышты. Шаардын мэри Виталий Кличко бир нече киши жараат алганын, арасында 13 жаштагы өспүрүм бала бар экенин айтты.

Харьковдо Орусиянын бутасына энергетикалык инфраструктура алынганы, Днепрде жарылуулар катталганы кабарланды.

Ноябрь айынын ортосунда АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча план иштеп чыкканын, бирок анда негизинен Орусия айтып келаткан талаптар үстөмдүк кыларын жана Кошмо Штаттардын башчысы, анын администрациясы аталган документти тезирээк кабыл алууну талап кылып жатканын жазып чыгышкан.

Украина менен АКШнын өкүлдөрү Женевада жолугушуу өткөрүп, пландын текстин редакциялаган.

Декабрдын башында планды Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусия менен талкуулары, анда Орусиянын Украинанын жерлери боюнча эч кандай талабы жазылбай турганы кабарланган. Орусия президенти Владимир Путин буга байланыштуу "Бизге согушту токтотуу боюнча сунуштар келип жатат, бирок Украинанын аскерлери ээлеп турган аймактардан чыкмайынча согуш токтобойт. Эгер алар чыгып кетпесе, ага куралдуу жол менен жетишебиз" - деп билдирген.

15:31 26.11.2025

Орусиянын армиясы 26-ноябрга караган түнү Украинанын түштүк-чыгышындагы Запорожье шаарына абадан дрон менен жабырт чабуул койду. Аймак губернатору Иван Федоров билдиргендей, 19 киши ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алды.

Телеграмдагы баракчасына жазган маалыматта губернатор дрон соккуларынан бир нече дүкөн, 31 көп кабаттуу үй жана 20 жеке турак жай талкаланганын белгилейт.

Интернетте жарыяланган сүрөттөрдөн өрт өчүрүүчүлөр бийик имаратты каптаган тилсиз жоо менен күрөшүп жатканын көчөлөрдө күйүп кеткен унааларды көрүүгө болот.

Украинанын аба күчтөрү билдиргендей, орус армиясы жалпысынынан 90дой дрон жана бир нече ракета менен кол салган. Учкучсуз аппараттардын 72си жана эки баллистикалык ракета атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Ушул тапта облустун бир канча бөлүгүн орус армиясы ээлеп турат. Азырынча борбор Запорожье украин күчтөрүнүн карамаганда.

Ал арада Орусиянын Чувашия аймагы 26-ноябрдын таңында дрондорун чабуулуна дуушар болду. Аймак башчысы Олег Николаев жазгандай, эки адам жаракат алды. Алардын бири өспүрүм. Николаев сокку үчүн украин тарапты күнөөлөдү.

Astra каналы жазгандай, соккулардын бири "Шахед" дрондору үчүн антенналарды чыгарган заводго тийген.

Киев менен Москванын соккулары Украинадагы согушту токтотуу боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр уланып жаткан мезгилге туш келди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG