Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев 23-апрелде эмгек жамаатына тааныштырылды.
Расмий кабарга ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кулубаевди кесипкөй жана тажрыйбалуу экенин, тышкы саясатты президент белгилегендей жүргүзөрүнө ишенерин айтты.
22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматынан кеткен. Ал башка ишке өткөнү кабарланган.
59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясында тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.
Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон. (SE)