Милиция кызматкерлери өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө жана жаңы окуу жылынын башталышына карата 3-августтан тартып убактылуу күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Буга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 22-августта онлайн кеңешме өткөрдү.
Жыйында бул күндөрү коомдук коопсуздукту камсыздоого, жол кырсыктарынын алдын алууга жана кылмыштуулукту азайтууга байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.
ИИМ тараткан маалыматка ылайык, 31-августта, Кыргызстандын эгемен күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 10 миңдей милиция кызматкери тартылат.
Жаңы окуу жылы башталган маалда балдарга карата зомбулукту азайтуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту кыскартууга байланыштуу иштер күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.