11 журналисттин жетөө абактан чыкты
Президент Садыр Жапаров Бишкекте кармалган алты киши тууралуу билдирүү жасап, аларды "шантажчы", "аферист" деп атады. “Мекенчил” партиясынын тарапташтары президенттин иш башкаруучусун айыптаган соң "бейбаштыкка" шектелип кармалган эле. Сот жапырт кармалган 11 журналисттин дагы төртөөнү үй камагына чыгарды. Мурдараак дагы үчөө бошотулган, бирок дагы төрт журналист камакта кала берүүдө. Казакстандагы суу ташкынынан Атыраудагы Күлсары шаары эң көп жапа чекти. Анда 2 жарым миңдей турак-жай суу астында калып, 30 миңден ашуун адам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Чыгарылыштар
-
Декабрь 02, 2025Шайлоодогу мыйзам бузуу: Видео камера, добуш сатуу, 460 миң сом
-
Декабрь 02, 2025Украина: Покровск үчүн кармаш күчөдү
-
Декабрь 02, 2025Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
-
Декабрь 01, 2025Украина: Уиткофф Москвага, Зеленский Парижге барды
-
Декабрь 01, 2025Жогорку Кеңеш: Саясий элитанын сапаты менен сапары
-
Декабрь 01, 2025Жаңы парламент кандай болот?