Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мыйзамсыз табылган мүлктү конфискациялоо механизмин өзгөртүүнү сунуштады.
Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процесстик кодексине жана Граждандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документтин маалымкат-негиздемесинде кылмыштуу жол менен киреше тапкан айрым адамдар тергөөдөн жашырынып кетип, күбөлөргө басым жасап, далилдерди жок кылып же каза болуп калган учурда анын активдерин мамлекетке алуу мүмкүн болбой калып жатканы жазылган. Андан тышкары мыйзамсыз алынган мүлкүн жакындарына же тааныш-билиштерине каттатып койгон учурлар мисал кылынган.
Башкы прокуратура конфискация соттун өкүмүнөн көз каранды экенин, кылмышкерлердин байлыгы мамлекет үчүн жеткиликсиз болуп жатканын кошумчалаган.
Мекеме бул мыйзам долбоору качып кеткен, издөөдө жүргөн, мүлкүн башкалардын атына өткөрүп койгон айыпталуучулардын мыйзамсыз мүлкүн мамлекеттик пайдага кайтаруу механизмин күчөтөрүн билдирди. Бирок баары соттун толук кароосунан кийин гана ишке ашарын, соттун өкүмү, далилдер, мыйзамдык процедуралар сакталарын кошумчалады.
Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.
Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдери мамлекетке өткөнүн билдирген. Анын ичинде коттеждер, кымбат баалуу клубдук үйлөр, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык люкс автоунаа, зер буюмдар жана башкалар бар. Анын айрымдары сатыкка коюлган. (BTo)
Шерине