Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Орусиянын Польшадагы акыркы консулдугу жабылат


Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски
Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски

Польша Гданьск шаарында иштеп турган Орусиянын акыркы консулдугун жабат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Радослав Сикорский Сеймде билдирди. Ал Москвага расмий нота жакынкы сааттарда жөнөтүлөт.

Сикорский дипломатиялык өкүлчүлүктүн жабылышын Варшава–Люблин темир жолунун бузулушуна байланыштырды.

Польша бийлиги бул окуяны диверсия катары баалаган. Бир күн мурун бийлик кылмышка шектүү Украина жарандары орус чалгын кызматтарынын көрсөтмөсү менен "бул ишке барышы мүмкүн" деп билдирген. Москва бул айыптоолорду четке какты.

Гданьск консулдугу жабылгандан кийин Польшада Орусиянын бир гана дипломатиялык өкүлчүлүгү - Варшавадагы элчилик калат.

Орус армиясы Украинага ар тараптан согуш ачкыча Польшада Орусиянын консулдугу иштеп турган. Алардын саны акырындык менен азайып отуруп, соңку ирет Познандагы консулдук жабылган. Ага Вроцлавдагы заводду өрттөө аракетине байланыштуу окуя түрткү болгон. Польша бийлиги ага да Орусиянын катыштыгы бар деп боолгологон.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова "Коммерсант" басылмасына билдиргендей, Москва дагы "Польшага тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кыскартат".

Азыр Польшанын Москвадагы элчилигинен тышкары Иркутскиде консулдугу иштейт.

Польшанын премьери Дональд Туск Варшава – Люблин жана андан ары Украина чек арасына кеткен темир жолдо 16-ноябрда болгон жарылууну "буга чейин болуп көрбөгөн диверсия" деп атады.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG