Мамлекеттик салык кызматы быйыл 15-марттан 15-августка чейинки убакыт аралыгында “Дордой” соода-базар комплексинде "Базар" маалыматтык системасын пилоттук негизде иштетип көрдү. Анын негизинде соңку 10 айда 727 млн сомдон ашык салык жыйналды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Базардын администрациясы өзү салык агенти болуп, ишкерлердин салыктык милдеттенмелерин жана камсыздандыруу төлөмдөрүн эсепке алуу, көзөмөлдөө милдетин аткарган. Салык кодексине кирген өзгөртүүлөрдө каралган мындай жаңы ыкма салык салуу процессин ачык, жөнөкөй жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу кылуу максатында ишке киргизилген.
"Базар" системасы иштей баштаганы “Дордойдо” 13 миң 697 салык төлөөчү катталган, ага чейин болжол менен 30 млн сом салык чогултулса, санариптештирүүдөн кийин 100 млн сомго жетти.
Пилоттук долбоордун "Дордой" боюнча мөөнөтү 15-августта жыйынтыкталып, эми ал Оштун Кара-Суу жана Бишкектин "Мадина" базарларында колдонула баштады. Кийин бул система Кыргызстандын бардык аймактарындагы соода жайларында иштей баштайт.
Салык кызматы белгилегендей, бул ыкма ишкерлердин жүгүн жеңилдетип, ашыкча текшерүүлөрдөн арылтат жана салык төлөөнүн ачык-айкындуулугун камсыздайт.
2023-жылдын декабрында Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында "ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схема уюштурган" деген шек менен Мамлекеттик салык кызматынын беш кызматкери "ишенимден чыкканы" үчүн жумуштан алынган.(KS)
Шерине