Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Нарын дарыясына түшүп кеткен жаранды издөөгө жүздөн ашуун адам тартылды


Нарын дарыясы.
Нарын дарыясы.

Нарын дарыясына түшүп кеткен жаранды 123 адам издеп жатат.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда издөө ишине ӨКМдин 23 куткаруучусу, ИИМдин 12, Токтогул ГЭСинин 20, Камбар-Ата ГЭСинин сегиз кызматкери, жергиликтүү 60 тургун тартылган. Суудан издөө үчүн 10 кайык, бир эхолот жана суу астында издөөчү бир робот колдонулууда.

20-ноябрда түнү Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан 1972-жылы туулган У.Э. аттуу эркек киши Нарын дарыясына түшүп кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматында былтыр алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (ST)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG