Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Жаңылыктар | 22.11.2025 | Султанбековго кылмыш иши козголду, ИИМ чуулгандуу видео таратты


Жаңылыктар | 22.11.2025 | Султанбековго кылмыш иши козголду, ИИМ чуулгандуу видео таратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:00 0:00

Ички иштер министрлиги 27 жаштагы С.Т. аттуу жаранды "массалык башаламандыкка чакырууга" байланыштуу милицияга жеткирип, тергөө иштерин баштаганын билдирди. Ушул эле күнү анын жана бир катар таанымал саясатчынын, активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болду. "Массалык башаламандыкка чакырган" деген негизде 27 жаштагы С.Т. аттуу жаран Ички иштер министрлигине жеткирилгенин 22-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди жана үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону таратты. Ал видеодон "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековду көрүүгө болот жана анын аты-жөнү, жаш курагы ИИМдин жарыялаган маалыматы менен дал келет.

Шерине

XS
SM
MD
LG