Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарында "Адахан" шахтасы урап, анын ичинде калган төрт кенчи аман куткарылганын билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык жекшембинин кечинде болгон.
"Көмүр шахтасында 110 метр тереңдикте калган кенчилерге түтүк менен аба жеткирилген. Уранды тазаланып, шахтерлор аман-эсен куткарылган", - деп жазылган маалыматта
Сүлүктүдө бир нече көмүр шахтасы жайгашкан. Буга чейин бул шаардагы жана башка аймактардагы шахталарда иштеп жатып газга ууланып, өмүрү кыйылган окуялар бир нече жолу катталган.
Шерине