Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Темирлан Султанбеков өзүнүн камалышын шайлоо менен байланыштырды


Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбеков.

Учурда убактылуу камоочу жайда жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун кайрылуусун анын апасы Кыял Токторбаева 24-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда өзүнүн камалышын шайлоо менен байланыштырган жана инфляция, кымбатчылык жана энергетика тармагындагы кризис тууралуу соңку билдирүүлөрү негиз болгонун белгилеген. Ушул тушта чет жакта жүргөн мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен соңку беш жылдын ичинде бир гана жолу байланышканын жазган.

"Биз шайлоолорго ар дайым мыйзамдуу жолдор менен катышып келгенбиз. Айыптоо актысына менин инфляцияга, баалардын көтөрүлүшүнө каршы билдирүү жасап, энергетикалык каатчылык жана майнинг, чет өлкөлүк жарандардын кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып жатканы тууралуу айткандарымды жазышыптыр. Ушуларды айтса, элдин маселесин көтөрсө болбойбу? Тергөөчүлөр менин бийликтин алмашуусун божомолдогонумду айтып жатышат. Алар акылынан айныганбы? Бул жерде эмнеси мыйзамсыз? Менин акыркы маектеримди көргүлө, мен бардык жерде болгонун болгондой эле ачык айтып жатам. Мен Сапар Исаков менен соңку беш жылдын ичинде бир эле жолу сүйлөшкөм. Аны өлкөгө өткөрүп бербей жатышканын, бийлик аны алып келүүгө аракет кылып жатканын мен Садыр Жапаровдун ачык билдирүүсүнөн улам билгем. Мени үчүнчү жолу шайлоого байланыштуу камап жатышат", - деп жазган Султанбеков.

Бийлик өкүлдөрү бул билдирүүгө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) башаламандык уюштурууну көздөгөн деген шек менен 22-ноябрда экс-депутат Шайлообек Атазов, Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев баштаган адамдар камалганын билдирген. Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 23-ноябрда алардын бөгөт чарасы каралып, 2026-жылдын 17-январына чейин камакка алынган.

ИИМ парламенттик шайлоодон кийин жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топту кармаганын кабарлаган. Анда топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартканын маалымдаган.

"Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар өлчөмүндөгү акча, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш пландары жана баңги каражаттар алынды", - деп жазылган маалыматта.

Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, баары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Камакка алынгандар арасында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров, ишкер Урмат Барыктабасов да бар.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы тууралуу маалымат анын Телеграм каналына жарыяланган.

Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев да суракта болгону, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложниковдун аялынын үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган.

ИИМ бул камоолор тууралуу азырынча кеңири маалымат тарата элек.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG