Орус күчтөрү 23-ноябрдын кечинде Харьков облусунун аймагына дрон менен жапырт чабуул койду. Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Синегубовдун айтымында, төрт адам мерт кетти. Жабыркаган 13 кишинин арасында эки бала бар.
Харьков шаарынын мэри Игорь Тереховдун маалыматына караганда, жалпы 17 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алган.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы түнкү чабуул маалында Чугуев районундагы Москалевка айылындагы агрардык ишкананын аймагында өрт чыкканын маалымдады.
Чернигов шаарында дрон жеке секторго кулап түшкөн. Шаар башчысы Дмитрий Брижинскийдин айтымында, эки үйдө өрт тутанып, эки адам жабыркаган.
24-ноябрга караган түнү орус армиясы Украинага жалпысынан 162 дрон менен чабуул койду.
Таңкы саат 9:00гө карата алардын 125ин абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөнүн Украина Куралдуу күчтөрү билдирди.
Орусиянын Коргоо министрлиги бир гана аскердик жайларды бутага аларын билдирип, жарандык инфраструктураларга жасалган соккулар тууралуу маалыматтарды ар кандай далилдерге карабастан четке кагып келет.
Шерине