Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Сурдлимпиада: Адилет Жапаркулов эркин күрөштөн чемпион болду


Эркин күрөштөн 74 килограмм салмакта XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарынын чемпиону Адилет Жапаркулов.
Эркин күрөштөн 74 килограмм салмакта XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарынын чемпиону Адилет Жапаркулов.

Кыргызстандык балбан Адилет Жапаркулов Жапониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндарында алтын медал тагынды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, Жапаркулов 24-ноябрда эркин күрөштөн 74 килограмм салмакта финалда ирандык Аболфаси Зохревандды 3:0 эсебинде утуп, жеңүүчү болду. Ал беттештерин 23-ноябрда баштап, 1/8 финалда казакстандык Тургынбай Гассырды 3:1, чейрек финалда беларустук Алексей Колесникти 7:2 эсебинде, жарым финалда украиналык Денис Трехубенкону 5:2 эсебинде уткан.

Анын бул жеңиши Кыргызстан үчүн Сурдлимпиада тарыхындагы экинчи алтын байге жана эркин күрөштөн алгачкы алтын медал болуп саналат. Бир күн мурда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Смадияр Жумакадыров алтын медал тагынып, Кыргызстандын тарыхында Сурдлимпиада оюндарынын алгачкы чемпиону аталган.

15-ноябрда башталган угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы XXV Жайкы Сурдлимпиада оюндары 26-ноябрда аяктайт. Төрт жылда бир өткөн мелдешке спорттун 21 түрүнөн 3000ге жакын спортчу 81 өлкөдөн катышууда. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Кыргызстандан 18 спортчу спорттун беш түрүнөн: стол тенниси, грек-рим күрөшү, таэквондо, дзюдо, эркин күрөш түрлөрүнөн күчүн сыноодо. Алардын бешөө кыз-келиндер. Учурда Кыргызстандын спортчуларында эки алтын, үч коло медал бар. Буга чейин дзюдодон 60 килограмм салмакта Байсалбек Орозали уулу, грек-рим күрөшүнөн Динмухамед Бигелдиев (67 кг) менен Нарту Абдрахманов (97 кг) коло байгеге ээ болушкан. (ECh)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG