Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

"Фонтанка": Орусия жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия жыл башынан бери 160 миңден ашык чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салды. Бул тууралуу "Фонтанка.ру" сайты Ички иштер министрлигинин Миграциялык кызматынын өкүлү Алексей Гасакка шилтеме кылып жазды.

Анын ырасташынча, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактыларын аныктоо 45%, жасалма миграциялык документтерди табуу 22% өскөн. Ошондой эле көп чет өлкөлүктөр иштеген базарларда, курулуштарда, соода борборлорунда, мейманкана жана жатаканаларда мигранттарга каршы жалпы 200 миңден ашык рейд уюштурулган.

"ДумаБинго" долбоору орус парламенти 2021-жылдан бери мигранттарга каршы жалпы 73 мыйзам долбоорун караганын иликтеп чыккан. Мамлекеттик Думага документтердин теңинен көбү Москвадагы "Крокус Ситидеги" кандуу окуядан келген.

2024-жылы “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Орус бийлиги кол салуу үчүн шектүү деп тажик тектүү жарандарды атаган. Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдарды биринен сала бирин кабыл алып келатат.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG