Орусиянын армиясы шейшембиге караган түнү Украинанын борбору Киев шаарына жапырт чабуул жасады. Анда кеминде алты адам набыт болуп, дагы ондон ашыгы жараат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.
Шаардын мэри Виталий Кличко жараат алгандардын арасында бир бала бар экенин билдирди.
Печерск районунда соккудан 22 кабаттуу үйдүн 5-8-кабаттары жабыркады. Учурда урандыларды тазалоо жана куткаруу иштери уланып жатат.
Киев шаардык аскердик администрациясынын башчысы Тимур Ткаченко Телеграм каналына "Орусия атайлап жарандык инфраструктураны, турак жайларды бутага алып жатканын" жазып, аны "террор" деп сыпаттады.
Маалыматтарга караганда, Киевдин кеминде жети районунда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурады.
Орусия бул сокку тууралуу комментарий бере элек.
Орусия 2022-жылдын февралында Украинага кол салгандан бери өлкө аймактарын дээрлик күн сайын аткылап келет. Орусиялыктардын чабуулунан Украинада миңдеген кишинин өмүрү кыйылып, турак жайлар, инфраструктура жана башка объектилер талкаланып жатат. Ар кандай далилдерге карабастан расмий Москва карапайым тургундар жашаган аймактарга жасалган чабуулдарды четке кагып, бир гана аскердик объектилерди бутага аларын билдирип келет.
Шерине