Баткен облусундагы Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан, коңшу өлкө менен алмашылган айылдын тургундарын жаңы конушка көчүрүү башталды. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылынан 16 тургун ушул эле айылдын аймагында мамлекет курган үйлөргө, Саада айылынын 60 тургуну Раззаков айылындагы жаңы конушка жайгашмакчы.
"Көчүрүү иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгынын кызматкерлери жана техникасы тартылган. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында эки өлкөнүн айрым айылдарын алмашуу макулдашылган.Ага ылайык, чек ара айылдарынан көчүүчү тургундар үчүн Баткен районунда Жаңы Достук айылына 181 үй, Лейлек районунун Раззаков айылына 60 үй, Максат айылына 16 үй курулган",-деп жазылган маалыматта.
Мындан бир ай мурда Тажикстан менен чек араны тактоодо жери алмашууга туш келген Баткен районундагы Достук айылынын тургундары Баткен шаарынын четиндеги Жаңы Достук айылындагы жаңы курулган үйлөргө көчүрүлө баштаган. Конушта жалпы 181 турак үй курулуп бүтүп, жол, бала бакча жана башка социалдык объектилердин курулушу, суу жеткирүү, жашылдандыруу иштери жүрүп жатканы кабарланган.
Учурда Баткен жана Лейлек райондору боюнча жалпы 257 үй курулуп жатат.
Эки тараптуу комиссия алмашылуучу айылдардагы кыймылсыз мүлктү инвентаризациялоо иштерин сентябрга чейин аягына чыгарган. Анда Баткен облусунан 259 үй, Тажикстандын Согд облусунан 214 үйгө акт түзүлгөн. Жалпысынан социалдык объектилер, бош участоктор жана үй-жайларды кошкондо 300дөн ашык объект кыргыз тарапка өтөрү айтылган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды. 2025-жылдын март айында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасын толук тактаган макулдашууга кол коюлган. Ушул тапта чек арага зым тартуу иштери жүрүп жатат.
Шерине