Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Мирзиёеванын санаалашы Комил Алламжонов Өзбекстандын АКШдагы өкүлү болуп дайындалды


Комил Алламжонов.
Комил Алламжонов.

Өзбекстандын президентинин улуу кызы Саида Мирзиёеванын жакын санаалашы катары белгилүү Комил Алламжонов Өзбекстандын АКШдагы элчилигине кеңешчи, президентттик администрациянын Америкадагы өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президенттик администрацияны жетектеген Саида Мирзиёева кол койду.

Алламжонов быйыл сентябрда АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азияны изилдөө программасына өзгөчө кеңешчи болуп дайындалган.

Ага чейин президенттик администрациянын жетекчисинин көз карандысыз кеңешчиси болуп бекиген.

Өзбек президентинин буйругуна ылайык, администрациянын АКШдагы өкүлү кызматы 2025-жылдын 1-январынан тарта киргизилген.

Алламжоновдун милдеттерине Өзбекстан менен АКШда ишке ашырылуучу ири жана стратегиялык инвестициялык жана соода долбоорлорун түз демилгелөө, ошондой эле америка-өзбек ишкердик жана инвестициялык кеңешинин ишин өзбек тараптан толук координациялоо кирет.

Бул кеңешке Өзбекстан тараптан Саида Мирзиёева, АКШ тараптан Түштүк жана Борбор Азия боюнча АКШнын атайын өкүлү Сержио Гор төрагалык кылат.

Комил Алламжонов буга чейин өзбек президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматын да аркалаган.

Былтыр 26-октябрга караган түнү Ташкент облусунун Кибрай районунда белгисиз эки адам Комил Алламжoновдун Range Rover унаасына ок чыгарышкан. "Озодлик" радиосу өз булактарына шилтеме кылып жазгандай, машинеде Алламжанов жана анын айдоочусу болгон. Экөө тең жабыркаган эмес.

Кийинчерээк бул окуяга катышы бар деген себеп менен бир нече киши кармалганы кабарланган. "Азаттыктын" өзбек редакциясы - "Озодлик" радиосунун журналисттеринин иликтөөсүндө, кармалгандардын бири Шохрух Ахмедовду түрк бийлиги буга чейин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун оппонентине кол салууну уюштурууга тиешеси бар деп айыптаганын аныкташкан.(AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG