Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:42

"Дарыканаларды азайтыш керек". Министрдин бүйүр кызыткан маеги


Коллаж
Коллаж

мазмуну

  • Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин дарыканалардын санын азайтуу, туура тамактануу, жашоо образын өзгөртүү тууралуу пикири коомдо талкуу жаратты.
  • Министр “Кабар” агенттигине курган маегинде ашыкча салмак, психикалык бузулуулар, оорулардын көбөйүшүнүн себептери тууралуу айткан.

Муну менен катар дарыканалардын санын кыскартуу керектигин айтып, калк ичинде дары-дармек көп колдонулуп жатканын жүйө келтирген. Коомдогу талкуулардан кийин министр сөзү туура эмес чечмеленип кеткенин билдирди.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар” агенттигине курган маегинде “элдин тапкан-ташыганы бүт эле дары-дармек сатып алууга кетерин, мындан улам дарыканалардын санын азайтуу керектигин" айткан.

Эркин Чечейбаев.
Эркин Чечейбаев.

“Мындан он жыл мурдагы эсеп боюнча Cаламаттык сактоо министрлигине канча акча бөлүнсө, ошончо акча элдин чөнтөгүнөн дары-дармек алууга жумшалчу. Дагы бир бөлүгү дарыгерлердин чөнтөгүнө кетчү. Азыр деле ошондой. Эмне үчүн мындай? Анткени биз дары-дармек рыногун жеке колдорго берип салганбыз. Жеке менчик киреше алуу үчүн иштейт да. Канчалык көп дарыкана болсо, сатуу ошончолук көп болот. Бейтаптар ошончо дарыны ичет. Догдурлар ошончо көп дарыны жазып беришет. Ошон үчүн дарыканалардын санын азайтуу керек. Тамекини, алкоголду жарнама кылганды токтоттук, бул туура. Эми дарынын жарнамасын токтотуу керек. Азыр бейтап телевизордон көрүп эле дары ичип жатат. Бул туура эмес, дарыгер рецепт жазып бериш керек. Антпей эле бооруңду, бөйрөгүңдү өлтүрүп дарыны ичип жатасың”, - деген министр.

Эркин Чечейбаев дары-дармек сатууда өнүккөн өлкөлөрдү мисалга тарткан. Европанын чоң шаарларында бир кварталда бир эле дарыкана барын, догдурлар сыркоолоп калган адамга антибиотикти оңой менен жазышпай турганын айткан.

Кыргызстандагы дары бизнеси рынок мыйзамдарына баш ийбей турганын, ага мамлекеттик көзөмөл керектигин белгилеген.

"Мисалы, сиз нан алам десеңиз тандайсыз. Нан жасаган компаниялар ошого жараша иштейт. Сапатын жакшыртат, арзаныраак кылып берет. Атаандаштык ошондой иштейт. Дарыда андай эмес. Бейтап дары кандай таасир этерин, кесепеттерин билбейт. Мен азыр жөтөлүп жатсам, кайсы дары жардам бере турганын билбейм. Аны бир догдур билет, фармкомпаниялар билет. Бейтап дарыгер жазып бергенди алат. Башка аргасы жок, анткени маалыматы жок. Кымбат болсо да, арзан болсо да алат, акыркы үйүн сатып болсо да алат. Мамлекет өз жарандарын ойлосо, бул рынокту көзөмөлдөшү керек”.

Кыргызстанда дары базарын көзөмөлдөө максатында “Кыргыз фармация” ишканасы үч жыл мурда түзүлгөн. Чечейбаев бул ишкана жаңы уюшулганда мүчүлүштүктөр, алтургай коррупциялык иштер болгону менен азыр жакшы иштей баштаганын айткан.

Дары-дармектер “Кыргыз фармациянын" тендери аркылуу арзан алынып, ооруканаларга тегиз жеткирилип жатканын кошумчалаган.

Эл дарыны айласыз ичеби?

Бишкектин тургуну Эсен учурда тумоолоп жаткан кези. Ал догдурдун көрсөтмөсү менен дарыканадан бир баштык дары алганын айтып берди.

"Айлыгым аз. Пенсиям болсо 8 миң сом. Жакшы тамак ичиш үчүн акча керек да. Этти анда-санда жейбиз, көбүнчө нан, картөшкө, карандай чай менен отурабыз. Тапкан акчабыз дарыдан ашпайт. Догдур жазып берип жатса ичпеске айлаң канча? Азыр тумоо күч, дары ичпесең жакшы болбойт экенсиң".

Журналист, медиа-серепчи Семетей Аманбеков министрдин маеги жарык көрөрү менен алгачкылардан болуп сындап чыккандардын бири. Ал Чечейбаев айткан көйгөйлөрдү чечүү үчүн адегенде системаны, чөйрөнү өзгөртүү керек деген пикирде.

Семетей Аманбеков.
Семетей Аманбеков.

“Саламаттык сактоо системасында чоң көйгөйлөр бар. Биринчиден, сапатсыз кызмат көрсөтөт, экинчиден, ыш. Ыштын айынан баарыбыз ооруп жатабыз. Үчүнчүдөн, бул жакка келген тамак-аштын, Кытайдан келген таттуулардын сапатын эч ким текшерген жок. Көзөмөл жок болгондон кийин дарыканага барабыз да. Анткени чөйрө оорутуп жатпайбы. Европада шарт чындап жакшы, ыш жок, тамак-ашы жогорку стандартта, элдин иммунитети жогору. Бизде баары зыян болуп жатпайбы. Жегенибиз ГМО, гормон, сапатсыз пальма майы кошулган азыктар. Бензиндин сапаты төмөн, машинеден абага зыяндуу заттар чыгып жатат. Министр мындай сөздү баарын изилдеп туруп айтыш керек эле. Азыр грипп жүрүп жатат, кандай дары ичпе, эки-үч күндө кайра кайра кармап жатат. Анткени иммунитетибиз алсыз. Эгер иммунитет жакшы болсо, дарыканалар өзү эле азаймак”.

"Министр туура айтты"

Бирок медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова министр кыргыз медицинасынын олуттуу көйгөйлөрүн айтканын белгиледи. Кайсы бир адамдардын айынан Чечейбаевдин сөзү туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи.

Бермет Барыктабасова.
Бермет Барыктабасова.

“Медицина дайыма эле эффективдүү жана коопсуз боло бербейт. Операциялар, медикаменттер, текшерүүлөр кээде ашыкча, кээде кереги жок. Бейтап жөн эле акчасын жоготуп жатат. Кесарево керекпи же жокпу, тизенин сөөгүн алмаштыруу керекпи же жокпу, өттү алып салуу керекпи же жокпу деген маселе кесипкөй адистердин баасы, протоколдун негизинде чечилиши керек. Эгер эл аралык протоколдун негизинде иштесек, бейтап 20-30 миң коротуп текшерүүдөн өтпөйт эле. Толтура дары-дармекти ичүүнүн кажети жок болмок. Айрым операциялар азаймак. Министр ушул жөнүндө айтып жатат. Жашырганда эмне азыр айрым дарыгерлер компаниялар менен иштешет. 30-40 миң сомдук бонус алышат. Министр ошону айтып, андан көрө туура тамактангыла, өз алдыңарча дары ичпегиле деп жатат. Элдин акчасы болбогон нерселерге коробошу керек. Мына жакында мектептердин жанында зыяндуу азыктар сатылбасын деген мыйзам чыкты. Аны баары колдошкон. Министр бул жолу да ошондой кабыл алат деп ойлогон чыгаар, бирок бирөөлөр түшүнбөй чуу чыгарышты. Азыр аны медицина жаатында билими, тажрыйбасы жоктор деле тилдеп жатканы туура эмес”.

Коомдук саламаттык сактоо институтунун жетекчиси Жаркынбек Касымбеков кайсы дары болбосун догдурдун көрсөтмөсү менен ичүү керек дейт. Ал Кыргызстан фармкомпаниялардын киреше тапчу өлкөсүнө айланганын айтты:

Жаркынбек Касымбеков
Жаркынбек Касымбеков

“Тигил же бул антибиотикти өзүбүз эле иче беребиз. Дарыкана баруу дүкөнгө киргендей эле. Капчыгыңа жараша каалаганыңды аласың. Бул туура эмес. Дары кесипкөй догдурдун рецепти менен берилиши керек. Антибиотикти көп ичкендиктен азыр туруктуулук пайда болуп, инфекциялар дарыны тоготпой калды. Өзүн сыйлаган мамлекетте догдурдун көрсөтмөсү жок болсо, дары сатылбайт. Он жыл мурда бир фармкомпаниянын ээси “Кыргызстан - бул Клондайк” деп айтты эле. 7 миллиондук эл фармкомпаниялардын күрөктөп киреше тапчу булагына айланды. Кайсы дары көп өтсө ошону алып келишет. Айрыкча дене табын түшүрө турган дарынын түрүн табасың. Мамлекет муну тескеши керек”.

Оору жашарды, кыймыл аз

Министр Чечейбаев мындан тышкары зыяндуу азык-түлүктөр, канттуу суусундуктар, туздуу азыктар кымбат сатылып, алардын акциздик салыгынан түшкөн каражат ооруларды алдын алууга жумшалышы керек деген.

Алкоголдук ичимдиктерди түнкү саат ондон кийин сатууга тыюу салууну сунуштаган. Ак ундан жасалган азыктар калориялуу болорун, кыймыл-аракет жок болгондо алар майга айланып семиздик көйгөйү, кант диабети өңдүү оорулар күчөп жатканын кошумчалаган.

Кант диабети демекчи, акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда ушу тапта бул оорунун 2-тибине чалдыккан 90 миңдей киши каттоодо турат. Дарыгерлер чыныгы сан мындан да жогору болушу мүмкүн экенин белгилешет.

Медицина илимдеринин доктору, профессор, эндокринолог Марина Молдобаева кыргыз коомунун тамактануу адатын, жашоо таризин өзгөртүүгө мезгил жетти деп эсептейт.

“Элде кандай тамактануу керек, өзүн өзү кандай алып жүрүш керек деген маалымат азыраак. Тойго көбүрөөк барабыз. Тамакты туура эмес ичебиз. Тамакты чай менен ичкенибиз аз келгенсип, чайга эки-үч кашык шекер да салабыз. Ак нан, боорсок, бешбармак жейбиз. Шире ичебиз. Мунун баары кантты көтөрөт. Италияда, Грецияда кант диабетине чалдыккандар азыраак экен. Көрсө алар жашылча-жемишти, зайтунду көп жешет экен. Эл арасына туура тамактануу жөнүндө иш-чараларды өткөрүш керек”.

Коомдук саламаттык институтунун жетекчиси Жаркынбек Касымбеков калктын дени сак болушу үчүн жергиликтүү бийлик чуркоо, жөө басуу ж.б кыймыл-аракеттер үчүн чөйрө жаратышы керектигин белгиледи.

“Машинени токтотуп коюп, велосипед менен жүрөйүн десең жол жок. Жүгүрө турган тилкелер жок. Эркиндик бульварына жакын жашагандарга эле болбосо, алыс жашагандар ал жакка чуркоо үчүн бармак беле? Кичи райондорго ден соолук зоналары деп түзсөк жакшы болмок. Азыр бош жердин баарына курулуш түшүп калды. Үй куруучуларга жергиликтүү бийлик адамдар эс ала турган, спорт менен машыга турган, балдар ойной турган аянтчаларды кошо курууну милдеттендириши керек. Саламаттык сактоо министрлиги бул тууралуу айтып эле келет. Башка министрликтер, өкмөт көңүл буруп, чогуу-чаран чече турган маселе болуп калды”.

Калктын саламаттыгына байланышкан кабатырлануусун министр жөн жерден айтып жаткан жок. Акыркы мезгилдеги статисткалар көңүл жубатпайт. Оорунун көп түрлөрү жашарып, маселен, жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза тапкандардын саны өтө жогору. 2024-жылдагы статистикада Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынан күнүнө 44 киши каза табары көрсөтүлгөн. Андан сырткары, боор, бөйрөк илдеттеринен жабыркап, дарылануу үчүн элден каражат сурагандар көп болууда.

Эркин Чечейбаев февралда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Ага чейин Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери, саламаттык сактоо министринин орун басары болуп иштеген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда иштеген. Бишкектеги медициналык академияда жана Маастрихт университетинде билим алган.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG