Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Молдова менен Румыния Орусиянын дрондору чек араны кайра бузганын билдиришти


Орусияда жасалган “Гербера” үлгүсүндөгү дрон Молдовада кулаган.
Орусияда жасалган “Гербера” үлгүсүндөгү дрон Молдовада кулаган.

25-ноябрга караган түнү Молдованын бийлиги Орусиянын Украинага жасаган кезектеги чабуулу маалында өлкөнүн аба мейкиндигин дрондор бузганын маалымдады.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин билдиришинче, алты учкучсуз учуучу аппарат Молдованын аба мейкиндигинен уруксатсыз өткөн. Маалыматты "Азаттыктын" молдован редакциясы таратты.

Молдова полициясы социалдык тармактарга жарактан чыккан дрондун сүрөтүн жарыялады. Маалыматка караганда, учкучсуз аппарат түндүк Молдовадагы Флорешти районуна караштуу Кухурештий де Жос шаарчасына кулаган. Ал жергиликтүү тургундун үйүнүн чатырына кулап түшкөнү айтылат. Дрондун сырткы корпусуна Орусия Украинадагы согушта колдонгон “Z” белгиси түшүрүлгөн.

Бул окуядан кийин Молдованын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Олег Озеровду кайра чакырып, түшүндүрмө талап кыларын билдирди.

20-ноябрда Озеровго нааразылык нотасы тапшырылган. Бирок элчи буга чейинки дрон окуясына байланыштуу Москвага тиешелүү эч кандай далил жок экенин айтып, дооматтарды четке каккан.

Румыниянын Коргоо министрлиги да таң атканда эки дрон өлкөнүн аба мейкиндигин бузганын билдирди. Абалды көзөмөлдөө үчүн аскердик учактар асманга көтөрүлгөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын дүйшөмбү түнкү чабуулдарына комментарий берип жатып, төрт дрон Молдованын жана Румыниянын аба мейкиндигине өткөнүн айтты.

Сентябрь айында Даниянын аэропортторунун жана аскердик объектилеринин үстүнөн белгисиз дрондор учканы катталган. Чек арасы бузулганын Польша, Эстония жана Румыния да жарыялаган. Аталган өлкөлөр бул үчүн Орусияны айыпташкан. Орус бийлиги андай кинени четке каккан. (AiA)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG