Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Украинадагы тынчтык планы: АКШ менен Европанын сунушундагы айырмачылык


Украина президенти Владимир Зеленский, АКШ президенти Дональд Трамп, Франция президенти Эммануэл Макрон, Британия премьер-министри Кир Стармер жана Финляндия президенти Александр Стубб Ак үйдөгү сүйлөшүүдө. 18-август, 2025-жыл. Вашингтон.
Украина президенти Владимир Зеленский, АКШ президенти Дональд Трамп, Франция президенти Эммануэл Макрон, Британия премьер-министри Кир Стармер жана Финляндия президенти Александр Стубб Ак үйдөгү сүйлөшүүдө. 18-август, 2025-жыл. Вашингтон.

мазмуну

  • Европа өлкөлөрү Украина боюнча АКШ сунуштаган тынчтык планына карама-каршы өз долбоорун даярдашты.
  • Эки документте аймактарды таануу, Украинанын НАТОго кошулуусу, аскерлердин жана коопсуздук кепилдиктери сыяктуу бир катар пункттар боюнча олуттуу айырмачылыктар бар.
  • Украин лидери АКШ президенти менен болушунча тезирээк жолугушуп, ал сунуштаган тынчтык планына кол коюуга даяр экенин украин президентинин кеңсе башчысы билдирди.

Өткөн жумада Американын тынчтык планы капысынан жарыяланып кеткенден кийин Европа мамлекеттери Москвага караганда Киевге ыңгайлуураак сунушун шашылыш иштеп чыгышты.

Ал арада Украинанын президенти Владимир Зеленский Женевага сүйлөшүүлөр үчүн атайын топ жөнөттү. Ак үй жана расмий Киев билдиргендей, алар адилеттүү тынчтыкты камсыздай турган "жаңыланган жана такталган" концепцияны түзүүгө жардам беришти.

Маалыматка караганда, тараптар “алдыдагы күндөрү биргелешкен сунуштар боюнча жигердүү ишти улантып”, ошол эле маалда европалык өнөктөштөр менен тыгыз байланышта болууну макулдашкан.

Кошмо Штаттардын жаңыланган сунушунун чоо-жайы азырынча ачыктала элек. Ошентсе да массалык маалымат каражаттарына чыгып кеткен Вашингтондун варианты менен Британия, Франция жана Германия жетектеген европалык топ түзгөн планда бир катар айырмачылыктар бар. Алар кайсылар?

Аймактык чыңалуу

Көптөгөн талдоочулардын айтымында, Владимир Путиндин башкы максаты аймактарды басып алуу эмес, Украинаны багындырууга умтулуу.

Ошентсе да, Орусия учурда Украинанын дээрлик бештен бирин көзөмөлдөп турганы үчүн аймак маселеси Москва үчүн да, Киев үчүн да алдыдагы тынчтык келишиминде абдан маанилүү пункт бойдон калат.

АКШнын долбооруна ылайык, Донецк, Луганск жана Крым "де-факто Орусияныкы" катары таанылат. Ал тургай Украина азыркы тапта көзөмөлдөп турган Донецк облусунун бир бөлүгүнөн да аскерлерин чыгарышы керек болот.

Бул Орусия канча жылдан бери кан төгүп, бирок ала албай келген аймакты Москвага белек кылгандай эле болот.

Ошол эле учурда долбоордо бул аймак "нейтралдуу демилитаризацияланган буфер зонасы" болуп, "эл аралык деңгээлде Орусияныкы деп таанылары" жазылган.

Анткен менен бул аймакка орус аскерлерине да кирүүгө тыюу салынат. Мындай схема эки тарапка тең жакпай турганы түшүнүктүү.

Херсон жана Запорожье "азыркы фронт тилкеси" боюнча бөлүнөт.

Орусия бул аймактардын азыр көзөмөлдөп турган бөлүктөрүн "де-факто өзүнө каратат".

Бул Москвага 2014-жылдан бери өз көзөмөлүндө кармап турган Крымга Азов деңизинин боюн бойлой өткөн "кургактагы коридорду" мыйзамдаштырууга жардам берет.

Ал эми Европанын планында аймактар боюнча пункт өтө кыска берилеген. Анда эч бир аймакты Орусияныкы катары таануу же Украинадан Донецкти бөлүү тууралуу сөз жок.

Буга чейин Путин Донецк жана Луганск толугу менен Орусиянын көзөмөлүнө өтүшү керек экенин ачык билдирген.

"Негизги маселе, мен так айта алам, баары бир аймакка байланыштуу бойдон калууда. Орусия Донецктин Украина көзөмөлдөгөн бөлүгүн да талап кылары шексиз. Бул талап Украина үчүн кабыл алынгыс деп ойлойм", — деlb эксперт, «Новая газета Европа» басылмасынын башкы редактору Кирилл Мартынов Current Time телеканалына курган маегинде.

…жана НАТО

Кошмо Штаттардын долбоорунда Украина «Конституциясына НАТОго кошулбай турганын» жазып коюшу керек деген талап бар.

Ошондой эле НАТО Украинаны мүчө кылып албайт деген кепилдикти расмий түрдө бекитиши керек болот.

Мындан тышкары, документке ылайык, "келечекте НАТО кеңейбеши зарыл". Башкача айтканда, жаңы мамлекеттерди кабыл албашы керек.

Американын сунушунда Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын 600 миң аскер менен чектеши керек.

Европанын планында украин аскерлеринин саны "жайбаракат мезгилде" 800 миңге чейин болушу шарт. Эгер Орусия кайра кол салса бул көрсөткүч андан да жогору болушу мүмкүн.

Кайсы вариант болбосун, Мартынов белгилегендей, "Москва бул маселе боюнча чоң басым жасарынан күмөн жок"

Кеңири масштабдагы согушка чейин украин армиясында болжол менен 250 миң адам бар болчу.

Азыркы эсеп боюнча, бул сан 800 миңден 900 миңге чейин жетти.

Орус армиясынын дрон чабуулунун кесепети. Киев. 25-ноябрь, 2025-жыл.
Орус армиясынын дрон чабуулунун кесепети. Киев. 25-ноябрь, 2025-жыл.

Коопсуздук кепилдиктери

Украина үчүн эң маанилүү талаптардын бири Батыштан күчтүү коопсуздук кепилдиктерин алуу. Өзгөчө, эгер НАТОго мүчөлүк маселеси жабык бойдон калса.

Кошмо Штаттардын планында Украина "ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин алат" деп көрсөтүлгөн жана Вашингтондун кепилдиги тууралуу айтылат, бирок анын мазмуну так келтирилген эмес.

Европалыктар "ишенимдүү" дегенди "бекем" деген сөзгө алмаштырышкан жана АКШ кепилдиги НАТОнун 5-беренесине окшош болушу керек деп белгилешкен. Анда уюмдун бир мүчөсүнө кол салуу бардык мүчөлөргө жасалган чабуул катары эсептелет.

Мындан тышкары, европалык долбоордо тынчтык келишими ишке кирсе, анын аткарылышына байланышкан маселелерде Украина да, Европа да четте калбай тургандай шарт түзүү каралган.

АКШ сунуштаган документте коопсуздук маселелерин илгерилетүү жана келишимдин бардык шарттарынын аткарылышын камсыздоо үчүн "АКШ–Орусия биргелешкен жумуш тобу түзүлөт" деп жазылган.

Ал эми европалыктар АКШ, Украина, Орусия жана европалыктар катышкан биргелешкен Коопсуздук тобун түзүүнү сунуштайт.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШ армиясынын катчысы Даниел Дрисколл. 20-ноябрь, 2025-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана АКШ армиясынын катчысы Даниел Дрисколл. 20-ноябрь, 2025-жыл.

Акча маселеси

Эки документте Орусиянын Батышта камакка алынган активдери боюнча да олуттуу айырмачылыктар бар. Американын вариантында "Камактагы 100 миллиард долларлык орус активдери Украинаны калыбына келтирүү боюнча АКШ жетектеген иштерге багытталат", ал эми мунун негизинде түшкөн пайданын "50% кайра Вашингтон алат" деп көрсөтүлгөн.

Европа болсо Украинаны кайра куруу үчүн кошумча 100 миллиард доллар кошорун белгилеген. Анда "Украина толугу менен калыбына келтирилет жана каржылык жактан, анын ичинде Орусиянын активдеринин эсебинен кенемте алат. Бул активдер Орусия Украинага келтирген зыяндын ордун толтурмайынча камакта калат" деп жазылган.

Шайлоонун мөөнөтү

АКШ долбоорунда Украинада шайлоо "100 күндүн ичинде өтөт" деп белгиленген. Ал эми европалык планда шайлоо "тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк" өткөрүлөт деп жазылат.

Албетте, европалыктар бул сезимтал маселе боюнча Киевге көбүрөөк эркиндик берет. Путин ачык эле Зеленскийдин бийликтен кетишин кааларын бир нече жолу билдирген жана 2024-жылы президенттик шайлоо мөөнөтүндө өтпөгөнүн жүйө кылып Зеленскийди “легитимсиз” деп атап келет.

Украина Конституциясына ылайык, аскердик абал шартында шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат. Мындай режим Орусия кеңири масштабдуу согуш ачканда эле киргизилген. Ошондон бери күчүндө. Зеленский согуш бүтүп, аскердик абал режими алынар замат шайлоо өткөрүүгө даяр экенин айтып келет.

«Нацисттик идеология»

Вашингтондун алгачкы долбоорун сынга алгандар документ Орусиянын айрым пропагандалык билдирүүлөрүн кайталап жатканын белгилешет.

Алардын бири Украина "нацисттер башкарган өлкө" деген жалган пикир. Москва Украинаны "денацификациялоо" үчүн согуш ачканын жүйө кылып келет.

Медиага чыккан маалыматтарга караганда, Американын планында "Бардык нацисттик идеология жана аракеттер четке кагылууга жана тыюу салынууга тийиш" деп айтылат.

Европанын сунушунда мындай эч нерсе жок.

Эки долбоор тең Украинадан диний сабырдуулукту жана тил азчылыктарын коргоо боюнча Евробиримдиктин эрежелерин кабыл алууну талап кылат.

Бирок АКШ долбоорунда кошумча түрдө эки тарап тең
"украин жана орус медиасынын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин укуктарын сактоого" тийиш экени жазылган.

Жабыркагандарды колдоо же жалпы мунапыс?

Аймактык маселелерден кийин АКШнын жана Европанын документтериндеги эң чоң айырмачылыктардын бири жоопкерчилик жана адилеттүүлүк маселеси. АКШнын долбоорунун 26-пунктунда "Согушка катышкан бардык тараптар согуш маалында жасалган аракеттери үчүн толук мунапыс алышат жана келечекте эч кандай доо коюшпайт" деп жазылган.

Европалык документтеги 26-пунктта амнистия тууралуу эч нерсе айтылбайт. Анда "Куралдуу жаңжалдан жабыркагандардын баарынын азабын жеңилдетүүгө жана аларга жардам көрсөтүүгө багытталган чаралар каралат" деп көрсөтүлгөн.

Соңку маалымат

Украин лидери Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен болушунча тезирээк жолугушуп, ал сунуштаган тынчтык планына кол коюуга даяр экенин Axios медиасына курган маегинде украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак билдирди .

Ермактын айтымында, жолугушуу 27-ноябрда, АКШда Ыраазычылык билдирүү күнү белгиленип жатканда өтүшү мүмкүн.

Белгилүү болгондой, Трамп Ак үйдүн Украинадагы согушту токтотууга байланыштуу сунуштаган планы боюнча украин лидеринин жообун угууга 27-ноябрга чейин убакыт берген болчу.

АКШнын планы Украинанын кызыкчылыктарына дал келерин айткан Ермак Зеленский менен Трамптын сүйлөшүүсүндөгү талкуулана турган башкы маселе - айрым аймактардын кимге таандык болушу керектиги жөнүндө.

Вашингтон украиндер менен сүйлөшүүдө "кылдаттыкты талап кылган айрым деталдар" бар экенин билдирүүдө.

Трамп өзү Орусия менен Украина мунасага жакындап калышканын айтты.

"Макулдашууга абдан жакындап калдык деп ойлойм. Көрөбүз го. Бул жаңжалга тезирээк чекит коюлат деген ойдомун", — деди Трамп.

Европа өлкөлөрү Украина боюнча АКШ сунуштаган тынчтык планына карама-каршы өз долбоорун даярдашкан. Эки документте аймактарды таануу, Украинанын НАТОго кошулуусу, аскерлердин жана коопсуздук кепилдиктери сыяктуу бир катар пункттар боюнча олуттуу айырмачылыктар бар экени маалымдалган.

Бирок Украинанын европалык өнөктөштөрүнүн талкуусуна активдүү катышкан Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин соңку билдирүүсүнө караганда, Зеленский аталган өлкөлөрдүн лидерлери менен видео аркылуу сүйлөштү жана Трамптын планындагы пункттардын көпчүлүгүнө макул болгонун билдирди.

Парламентте сүйлөп жатып Стармер Украинанын европалык союздаштары өзүнчө план түзбөй турганын, АКШнын планына кошумча-алымча киргизүү менен алек болууну чечкенин айтты.

"Азыркы текст боюнча эле иштей беришибиз керек деген так консенсус табылды. Мейли, анын айрым бөлүмдөрү кабыл алынгыс болсун, бирок башка бөлүмдөрү өтө маанилүү болууда. Биз пландын башка эмес, ушул тексти боюнча иштейбиз", — деди Стармер.

Макаланын автору: Steve Gutterman

Кыргызчалаган: Элиза Кененбаева

Шерине

XS
SM
MD
LG