ЭлТР телеканалы “Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов жана башка салыкчылардын коррупциялык схемасы” тууралуу иликтөө жарыялады.
Анда салыкчылар ишкерлерден үч схема боюнча мыйзамсыз каражат чогултуп турганы, андан Кыргызстандын бюджети 2024-жылдын 11 айында 34 млн 602 миң доллар зыян тартканы айтылат. Коррупциялык жол менен табылган каражатты Алтынбек Абдувапов аялы аркылуу адалдап, чет жактан кымбат баалуу мүлктөрдү сатып алганы баяндалган.
“Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчиси “долядан” түшкөн каражатты аялы аркылуу жашырганга аракет кылган. Жубайы акчаны Бишкекте акча алмаштыруу жайын иштеткен досуна берип турган. Акча керек болгондо Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчисинин жубайы СМС жазып койчу. Ал эч кандай документи жок 100 миңдеген долларларды чет өлкөгө которуп турган. Иликтөөнүн жүрүшүндө салык кызматынын мурдагы жетекчисинин аялы ушундай жол менен Казакстан менен Орусияга 500 миң доллардан ашык акча которгону аныкталган”, - деп айтылат видеодо.
Андан тышкары Бишкектен жана Чүйдөн Алтынбек Абдувапов тууган-туушкан, жоро-жолдошторуна жаздырып койгон бир нече кымбат баалуу турак жайлар, автоунаалар табылганы айтылат.
Бул иликтөө тууралуу мурдагы чиновник жана анын адвокаты комментарий бере элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовду 2024-жылдын декабрь айында кармаган. УКМК алардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу мыйзамсыз иштерге тиешеси бар экенин билдирген.
Атайын кызмат башкы салыкчылар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна көп суммада салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешесин “көмүскөдө” калтырууга мүмкүнчүлүк бергенин маалымдаган.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 9-июлда Ош шаарында сүйлөгөн сөзүндө Алтынбек Абдуваповдун 55 миллион долларлык мүлкү аныкталганын, экс-чиновниктин байлыгы толугу менен мамлекетке алынарын айткан.
Бишкектин Ленин райондук соту 18-ноябрда Абдувапов менен Кыдыргычовдун камак мөөнөтүн 2026-жылдын 14-январына чейин узартты. Андан тышкары иши сотко өтүп, 25-ноябрда биринчи соттук отурум өткөнү белгилүү болду. (BTo)
Шерине