Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Айзиректин өлүмү: Маркумдун жолдошуна чыккан өкүм өзгөртүүсүз калды


38 жаштагы Айзирек Эралиева быйыл май айында күйөөсүнүн колунан каза болгон.
38 жаштагы Айзирек Эралиева быйыл май айында күйөөсүнүн колунан каза болгон.

Ош облустук соту 26-ноябрда Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу ишти карап, маркумдун жолдошуна чыккан райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды.

Быйыл 26-майда Өзгөндөгү Алга айылындагы бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык кечесинен кийин ага барган 38 жаштагы Айзирек аттуу келин жолдошунун огунан каза болгон. Аны атууга шек саналып 40 жаштагы күйөөсү, Кара-Кулжа районунун тургуну камакка алынган. Маркум келиндин артында беш баласы калды.

Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Оштун Өзгөн райондук соту Айзирек Эралиеванын өлүмү боюнча 31-июлда өкүм чыгарып, анын күйөөсүн 18 жылга эркинен ажыраткан. Келиндин жакындары шектүүнү өмүр бою камакта калтырууну өтүнүп, райондук соттун чечимине каршы облустук сотко даттанган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кылмышка шектүүнүн куралы буга чейин каттоого алынбаганын, текшерилбегенин билдирип, айрым кызматкерлер жазаланганын кабарлаган.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары көп катталып жатат. (BTo/DSh)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG