Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Министр Кулубаев Путиндин сапарында мигранттар маселеси талкууланганын билдирди


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында кыргызстандык мигранттардын маселеси да талкууланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

“Биздин мигранттардын турмушун жеңилдетүү, каттоо маселесин азайтуу жана реестрге түшүп калгандарды чыгаруу боюнча сүйлөштүк. Бул боюнча Ички иштер министрлигине жана башкаларга тапшырмалар берилди. Алдыда бул боюнча активдүү иштейбиз”.

Орусия соңку жылдары миграциялык мыйзамдарды катаалдатып, улам жаңы эреже-талаптарды киргизүүдө. Жыл башынан бери мигранттарга каршы 200 миңден ашык рейд өткөрүп, 160 миңден көп чет өлкөлүк жаранга бул мамлекетке киришине тыюу салганын орусиялык "Фонтанка.ру" сайты Орусиянын ИИМине жана Миграция кызматына шилтеме кылып жазган. Андагы маалыматка караганда, мындай тыюу быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу 30% көбөйгөн.

Орусияда миграция мыйзамдарын бузган деген айып менен "кара тизмеге" кирип, атайын берилген убакыт ичинде андан чыгууга үлгүрбөй калган 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин айтып чыккан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка" алардын 75 миңи кыргызстандык жаран экенин ырастаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Орусияда 377 миң кыргыз жараны миграциялык каттоого алынганын, жалпысынан бул өлкөдө Кыргызстандын 612 миң жараны бар экенин айткан.

Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анын Кыргызстанга сапары 27-ноябрь күнү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен соң жыйынтыкталат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG