Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын саммити башталууда


Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн желектери.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн желектери.

27-ноябрда Бишкектеги “Ынтымак ордо” администрациялык имаратында Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекет башчыларынын саммити башталууда.

Жыйынга катышуу үчүн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жана Беларустун лидери Александр Лукашенко 26-ноябрда Бишкекке келди. Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапары менен 25-ноябрдан бери Кыргызстанда жүрөт.

ЖККУ саммитинде жамааттык коргонуу механизмдерин чыңдоо, мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүлөрүн өнүктүрүү жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкка байланыштуу ондон ашык документке кол коюларын Кыргызстандын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирген.

Уюмдун сайтына чыккан маалыматка ылайык, жыйында ЖККУнун башкы катчысынын талапкерлиги каралып, үч жылга дайындалат. Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков катчылыкка Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындаларын 24-ноябрда журналисттерге билдирген. Ал ЖККУнун баш катчысынын орун басары болуп иштеп жатат.

Уюмга 2025-жылы Кыргызстан төрагалык кылды жана келерки жылы бул милдет Орусияга өтөт.

ЖККУга дагы бир мүчө-мамлекет Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын бул саммитке катышпай турганы алдын ала маалым болгон.

ЖККУ 1992-жылы негизделген жана Арменияны кошкондо анын курамында алты өлкө - Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия жана Беларус бар.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG