Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 27-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңешке шайлоого Бишкектеги №22 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жана №24 округдан талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Лира Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн талапкердин штабынан 360 миң сом таратканы аныкталган. Сот 26-ноябрда анын кызы менен жээнин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарып, милиция издөө жарыялады.
Шаардык милиция Гүлназ Халилованын пайдасына добуш сатып алуу ишине 43 жаштагы адам, анын 22 жаштагы уулу (Ф.М.) жана Бишкек шаарынын “Восток-5” кичи районунун 64 жаштагы үй комитет башчысы тартылганын билдирген. Үгүтчүнүн батирин тинткенде 80 миң доллар, 116 миң сом, штабдан алынган 29 миң 500 сом, ошондой эле “Восток-5” кичи районунда жашаган шайлоочулардын тизмелери табылган.
Эки факты боюнча тең Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Алар өздөрү же өкүлдөрү Боршайкомдун 27-ноябрдагы жыйынына да катышкан жок. Лира Акунова менен Гүлназ Халилова ушул тапта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Үгүт өнөктүгү 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. БШК мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттаган, алардын 276ы эркектер, 191и аялдар.
Жогорку Кеңеш 25-сентябрда өзүн өзү таркатып, президент Садыр Жапаров парламентке кезексиз шайлоону 30-ноябрга дайындаган. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзам боюнча, өлкөдө 30 округ түзүлгөн. Эми ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет жана алардын бири аял болушу кажет же эки аял болсо бири эркек болушу шарт. (BTo)
Шерине