Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Ташиев Чүйдө Абдыкеримовдун 100 млрд сомдон ашык мүлкү мамлекетке алынганын айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жөнүндө сүйлөп, бул жаатта Чүй облусунда аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Атайын кызматтын жетекчиси 27-ноябрда Кемин шаарында жаңы төрөт үйүнүн имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу иш-чарасында жасаган билдирүүсүн Region телеканалы социалдык тармактардагы баракчаларына чыгарды.

Камчыбек Ташиев 2023-жылы УКМКнын атайын операциясында жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) тиешелүү 30 млн долларга бааланган 850 батир мамлекетке кайтарылып, элге ипотекага берилип жатканын айтты. Чүй облусунда убагында ар кандай жол менен жеке колго өтүп кеткен 100дөн ашык объект, 2025-жылы эле 12 миң гектардан ашык жер мамлекетке алынганын кошумчалады.

“Аю Холдингдин” ээси Абдыкеримовдун Аламүдүн районунда жайгашкан 300 гектар жери жана 100 млрд сомду түзгөн мүлкү мамлекетке кайтарылды. Бул акыркы жылдары биздин жасаган иштер. Мен Чүй облусу боюнча гана айттым. Эгерде мамлекетте жалпы аткарылган ишти айтсам ондогон эсе көбөйөт. Башка жерлерде мындан да көп талап-тоноолор болгон”, - деди Камчыбек Ташиев.

“Аю Холдинг” мындан 20 жылдан ашык мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында “АЮ Курулуш”, “АЮ Гранд”, “АЮ Лизинг”, “АЮ Гарант”, “Токмок булз”, “Ак сарай” жана башкалар бар. Анын негиздөөчүсү ишкер Шаршенбек Абдыкеримов издөөдө жүрөт, кайда экени белгисиз.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 17-апрелинде “Аю Холдингге” байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча “АЮ” компаниясынын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкерине өкүм чыгарган.

Шаршенбек Абдыкеримов ага козголгон иш жана “Аю Холдингдин” айланасындагы иштер тууралуу комментарий бере элек.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат ага тиешелүү бир катар мүлк, анын ичинде эс алуу жайлары, кымбат баалуу автоунаалар мамлекетке алынганын кабарлаган. (BTo)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG