Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Вашингтондо аскерлерге ок аткан кишинин теги ооганстандык экени айтылды


Вашингтондогу ок атуу болгон жер. 26-ноябрь, 2025-жыл.
Вашингтондогу ок атуу болгон жер. 26-ноябрь, 2025-жыл.

Вашингтондо 26-ноябрда Ак үйгө жакын жерде ок атып, АКШнын Улуттук гвардиясынын эки жоокерин жарадар кылган кишинин теги Ооганстандан экени айтылды.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп кылмышка шектүү колу менен кылганын моюну менен тартарын билдирди.

Кийинчерээк Трамп өз кайрылуусунда кол салууну жек көрүү жана террордук акт деп атады.

Ички коопсуздук министри Кристи Ноэмдин айтымында, шектүү Америкага 2021-жылы сентябрда Ооганстанда бийлик талибдердин колуна өткөндөн кийин барган.

Бул окуядан кийин Трамп Жо Байдендин тушунда Ооганстандан келгендерге карата миграциялык саясатты кайра карап чыгууга чакырды.

"Биз өлкөбүздө болбошу керек болгон жана эч кандай пайда алып келбеген чет элдиктерди чыгаруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүшүбүз керек", - деди Трамп видеокайрылуусунда.

CNN жана башка маалымат каражаттары кабарлагандай, ок аткан киши 29 жаштагы Рахманулла Лаканвал. Маалыматтарга караганда, ал 2024-жылы АКШдан башпаанек алуу тууралуу өтүнүч берген, Трамптын администрациясы аны быйыл апрелде канааттандырган.

Американын Жарандык жана иммиграция кызматы Ооганстандын жарандарына байланышкан бардык арыздарды кароо белгисиз мөөнөткө токтогонун жарыялады.

Буга удаа эле Трамптын администрациясы Улуттук гвардияны Вашингтондон чыгаруу тууралуу токтомдун убактысын дагы артка жылдыруу максатында федералдык аппелляциялык сотко кайрылды.

Өткөн аптада сот Улуттук гвардиянын ордо калаада жайгашуусун мыйзамсыз деп тапкан, бирок президенттик администрацияга ал чечимге каршы арыздануу үчүн убакыт берген.

Ок жеген эки жоокердин абалы өтө оор деп маалымдалды. Трамптын маалыматына караганда, ок аткан адам да оор жараат алган. Анын бул кадамга эмнеге барганы белгисиз.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG