АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Газа тилкесинин чыгыш бөлүгүндө турак жай комплекстерин курууну ылдамдатуу аракетин көрүүдө. The New York Times гезити "коопсуз конуштар" эки жылдык согуштан кийин үй-жайсыз калган палестиндер үчүн салынарын жазды.
Палестиндерге Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун көзөмөлүнөн бошотулган райондорго отурукташуу сунуш кылынып, алар үчүн иш орундары түзүлөт. Ар бир комплекс 20-25 миң кишиге ылайыкташып, оорукана, мектептер менен кошо салынат.
Биринчи комплекс Египет менен чек арага жакын Рафахтагы минадан тазаланган жерге түшөт. Курулуш иштери алты-тогуз аптага созулушу ыктымал.
Долбоорду ишке ашырууну израилдик ишкерлер, америкалык дипломаттар жана жыл башында миллиардер Илон Маск жетектеген департаменттин аткаминерлери көзөмөлдөйт.
Айрым адистер бул долбоор иш жүзүндө Газаны экиге - ХАМАС башкарган "кызыл аймакка" жана Израил көзөмөлдөгөн "жашыл аймакка" бөлүп салат деген кооптонуу бардыгын белгилешет. Ошондой эле палестин анклавынын ичинде ары-бери жүрүү чектелип, жабык лагердеги жаңы конуштар пайда болушу ыктымал.
Европалык дипломаттар жана БУУнун өкүлдөрү анклавдагы эки миллиондон ашуун киши кабылган гуманитардык кризисти жөндөө үчүн бул долбоордун ченеми өтө чектелүү экенин белгилешет.
Быйыл ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШ президенти Дональд Трамптын сунушунун негизинде иштелип чыккан тынчтык планы боюнча резолюцияны жактырды. Ак үй сунуштаган резолюцияда бир нече араб өлкөлөрүнүн аскерлеринен турган эл аралык турукташтыруучу күчтөрдү түзүү каралган.
Ошондой эле тилкени убактылуу Трамп жетекчилик кылган "Тынчтык кеңеши" башкарат. Резолюцияда бир катар алдын ала шарттар аткарылган учурда палестин мамлекетин түзүү мүмкүнчүлүгү да белгиленген. Газа эл аралык контингенттин көзөмөлүнө алынгандан кийин Израилдин армиясы чыгып кетет.
Шерине