Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:33

Зеленскийдин администрация башчысы Ермактын үйүндө тинтүү жүрүп жатат


Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин администрация жетекчиси жана оң колу саналган Андрей Ермак.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин администрация жетекчиси жана оң колу саналган Андрей Ермак.

Украинанын Коррупцияга каршы улуттук агенттигинин (НАБУ) жана Жемкорлукка каршы иштерди караган прокуратуранын өкүлдөрү (САП) президент Владимир Зеленскийдин администрация жетекчиси Андрей Ермактын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу 28-ноябрда аталган мекемелер Телеграмдагы каналдары аркылуу ырасташты.

"Тергөө иштери мыйзамдын алкагында жүрүп жатат",-деп жазылды билдирүүдө.

Маалыматты Андрей Ермак өзү да ырастады. Ал тергөөчүлөргө батирине кирүүгө мүмкүнчүлүк берип, алар менен кызматташып жатканын билдирди.

"Бүгүн НАБУ жана САП чындыгында менин үйүмдө процессуалдык аракеттерди жүргүзүп жатат. Тергөөчүлөргө эч кандай тоскоолдук жок. Батир толугу менен алар үчүн ачык, менин адвокаттарым да ошол жерде укук коргоо органдары менен кызматташууда",-деп жазды ал.

"Украинская правда" жазгандай, тинтүүлөр өкмөттүк кварталда өтүүдө. Басылманын маалыматына караганда, ал жакка НАБУ менен САПтын болжол менен 10го жакын кызматкери кирген.

Бул тинтүү Украинада "Энергоатом" мамлекеттик компаниясына байланышкан ири коррупциялык жаңжал күч алып жаткан учурда болууда. Ал чуунун айынан энергетика жана юстиция министрлери кызматтан алынды. Жемкорлук схемасынын башында турган деп шектелген ишкер Тимур Миндич өлкөдөн чыгып кеткен. Маалымат каражаттары аны Зеленскийдин жакын досу катары мүнөздөп келишкен.

Оппозиция жана президенттик "Эл кызматчысы" фракциясынан айрым депутаттар энергетика тармагындагы бул жаңжалдан улам Ермактын да кызматтан кетишин талап кылып чыгышкан. Анткен менен өзүнүн жакын кеңешчисин кызматтан алуудан баш тарткан.

54 жаштагы Ермак украин президентинин эң ишенимдүү саясий өнөктөштөрүнүн бири деп саналат.

Алар 2010-жылдардан бери тааныш. Экөөнүн достугу Зеленский саясий аренага чыга электе башталып, тыгыз мамилеси бизнесте чыңдалган. Соңку жылдары Ермак саясий сахнанын артындагы таасирин кыйла күчөткөн.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG