Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Шайлоо-2025: Алты талапкер жарыштан четтетилди


"Азаттыктын" коллажы
"Азаттыктын" коллажы

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоону утурлай үгүт өнөктүгү жыйынтыкталууда. Добуш берүү жекшемби, 30-ноябрда өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоо мыйзамдарын бузган алты талапкер жарыштан четтетилип, 30уна эскертүү берилгенин билдирди.

Алтоо четтетилип, экөөнө кылмыш иши козголду

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө алты талапкер жарыштан четтетилип, айрымдарына кылмыш иши козголгонун билдирди. Андан сырткары эскертүү алып, айыппул төлөгөндөр бар. Аймактык шайлоо комиссияларынын жумуш топтору 80дей арыз карады.

Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бегматов билдирди. Анын айтымында, жарыштан четтетилгендер шайлоо мыйзамдарын жана үгүт жүргүзүүнүн жоболорун одоно бузгандар:

Абдыжапар Бегматов
Абдыжапар Бегматов

"Отуз талапкерге Бузуулар кодексинин негизинде айыппул салынды. 23 талапкердин өкүлдөрүнө, ишенимдүү өкүлдөрүнө, үгүтчүлөрүнө ушундай негизде эскертүү берилди. Борбордук шайлоо комиссиясына айрым талапкерлерге кылмыш ишин козгоо боюнча укук коргоо органдарынан өтүнүч келип түшкөн. БШК ал өтүнүчтү канааттандыруу чечимдерин кабыл алган. Учурда аларга жана алардын тарапкерлерине карата кылмыш ишин иликтөө боюнча сурак жүрүп жатат, анын жыйынтыгына жана эксперттердин корутундуларына жараша дагы тиешелүү чаралар көрүлөт. Ошондой эле маалымат каражаттарынын ичинде да эскертүү берилип, айыппул салынгандары болду. 4 талапкерге жумуш тобунун алкагында эскертүү берилди. Бирөөнө эки ирет эскертүү берилди".

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңешке шайлоого Бишкектеги №22 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жана №24 округдан талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Андан мурдараак Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Лира Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн талапкердин штабынан 360 миң сом таратканы аныкталганын билдирген. Сот 26-ноябрда аларды Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарып, милиция издөө жарыялаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Андан мурдараак ушул эле берененин негизинде Бишкекте Көк-Жар кичи районундагы үйлөрдүн биринин Турак жай ээлеринин шериктештигинин башчысы (домком), 76 жаштагы аялга кылмыш иши козголуп, кармалган.

Муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге да чара көрүлдү

Быйылкы парламенттик шайлоодо муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлерге, мугалим, дарыгерлерге үгүт иштери менен алектенүүгө тыюу салынган. Бирок бул тыюуга карабай шайлоо иштерине аралашканы үчүн бир нече мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердин иш ордуна канчалык туура келерин карап чыгуу сунушу тиешелүү тараптарга берилгенин Абдыжапар Бегматов журналисттерге билдирди:

"Эки айылдык кеңештин төрагаларына тиешелүү жаза колдонулду. Алардын иш берүүчүлөрүнө кызмат ордун карап чыгуу сунуштары берилди. Жер-жерлердеги укук коргоо органдарынын жана башка мекемелердин кызматкерлери үгүт ишине катышкан айрым фактылар боюнча ыкчам чара көрүүчү координациялык топко сунуштарыбызды бердик. Алар боюнча да тиешелүү жооптор алынат".

Шайлоонун үгүт иштерине аралашканы үчүн бир нече мамлекеттик кызматкер жумуштан кеткенин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдады.

Үгүт өнөктүгү 10-ноябрда башталган. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, үгүт иштери 29-ноябрда саат 8:00де токтотулууга тийиш. БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун журналисттерге маалымдашынча, соцтармактарда мурда жарыяланган үгүт материалдарын бул күнү бөлүшүп же комментарийлөө мыйзам бузуу болуп саналат.

"Соцтармактардан тышкары шаарларда үгүт жүргүзүлүп жаткан LED экрандардан да үгүт жүгүртүүну токтотууну талап кылып жатабыз. Ал эми баннерлер ордунда кала берет".

БШКнын маалыматына караганда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышуу үчүн 30 округдан 589 жаран кайрылган. Алардын ичинен 467си депутаттыкка талапкер болуп расмий катталган. Үгүт өнөктүгү учурунда алты талапкер жарыштан четтетилип, учурда 461и калды.

30-ноябрь күнү жалпы өлкө боюнча 2492 туруктуу шайлоо тилкесинде добуш берилет. Андан тышкары соода борборлорунда, аэропорттордо аралыктан добуш берүүчү отуз шайлоо тилкеси түзүлгөн. Ошондой эле чет мамлекеттерде да аралыктан добуш берүүчү жүз шайлоо тилкеси иштейт.

БШКнын маалыматына ылайык, алардын баарынын тиешелүү техникалык жабдуусу камсыздалды. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү техникалык жабдууларды башкаруу жана шайлоону мыйзамдуу өткөрүү боюнча окутулуп, даярдалган.

Жогорку Кеңештин сегизинчи чакырылышына депутаттыкка талапкер болуп жалпысынан бир мандат үчүн беш киши ат салышууда. Сокулукта бир эле шайлоо округунан 25 талапкер ат салышып жатса, Жалал-Абаддагы дагы бир шайлоо округунда болгону 5 талапкер бар.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG