Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





21:54 29.11.2025

Шайлоо алдында 10дой киши эки айга камалды

Жогорку Кеңешке шайлоого бир апта калганда "башаламандык уюштурууну көздөгөн" деген шек менен бир катар саясатчылар жапырт кармалды. Арасында “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров баш болгон 10дон ашуун киши 17-январга чейин камалды.

Шайлоо алдында 10дой киши эки айга камалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:38 0:00

ИИМ 30-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин "жапырт башаламандык уюштурууну көздөгөн топтун" аракетине бөгөт коюлганын 22-ноябрда кечинде билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, топтун арасында саясий ишмерлер, мурдагы депутаттар, мурдагы мамлекеттик, күч кызматкерлери бар жана алар чагым, күч колдонулган кагылышууларды уюштуруу максатында өз тарапкерлерин, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топторду, спортчуларды катарына тартышкан.

"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон. Топтун ичинде так иерархия жана ролдордун бөлүштүрүлүшү болгон. «Координациялык топтор» саясий талаптарды коюуга тийиш болсо, кылмыштуу түзүмдөр күч колдонуу жагын камсыздамак. Айрымдары келечектеги кызмат орундарын алдын ала ич ара бөлүштүрүп алышкан", - деп айтылат ИИМт тараткан билдирүүдө.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров суракка кирип чыкканы тууралуу маалымат анын Телеграм каналына жарыяланган.

Каржы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев да суракта болгону, Атамбаев түптөп, каржылаган "Апрель" телеканалынын мурдагы директору Дмитрий Ложниковдун аялынын үйүндө тинтүү жүргөнү маалымдалган.

21:55 29.11.2025

Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 58 өлкөдөн 788 байкоочу көз салат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

25-ноябрда Индия, Азербайжан, Индонезия, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын байкоочуларын БШК каттаган.

Мындан сырткары өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө көз салуу үчүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) узак мөөнөттүү 30 байкоочу жөнөткөн. Ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн, Кыргызстандагы элчиликтердин, Орусиянын Коомдук палатасынын, КМШнын Байкоочулар миссиясынын, Түрк мамлекеттер уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун өкүлдөрү байкоо салат.

29-ноябрда шайлоо тилкелеринен сырткары добуш берүү башталды. Жалпысынан ага өлкө боюнча жаш курагы, майыптыгы жана ден соолугуна байланыштуу 10 329 арыз келип түшкөн.

04:03 30.11.2025

Чет жердеги жарандар кантип добуш берет?

Кыргызстандын сыртында 34 мамлекеттин аймагында 100 добушкана ачылды. Бул жолу шайлоочулар кайда болбосун, расмий катталган шайлоо округу боюнча аралыктан туруп добуш бере алат. Буга чейин сыртта жүргөн миңдеген кыргызстандык шайлоого катыша албай калчу. Жаңы система эми аларга кандай мүмкүнчүлүк берет?

Чет жердеги кыргыз жарандары кантип добуш берет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00
04:16 30.11.2025

Шайлоонун өзгөчөлүктөрү кандай болду?

Биринчиден, Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемен тарыхында биринчи жолу өзүн-өзү таркатты.

Буга чейин 1994-жылы, андан кийин 2007-жылы ошол кездеги президенттердин жарлыгы менен, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен парламент мөөнөтүнөн мурда таратылган.

Бул жолу 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү таратты.

Дал ушул себептен мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалып, ага ылайык шайлоодо бардык жараяндардүн мөөнөтү үчтөн бирге кыскарды.

Мисалы, кадимки режимде талапкерлерди көрсөтүү 45 күн болсо, бул жолу 30 күн болду, үгүт өнөктүгүнө кадимки шартта бир ай берилсе, бул ирет 19 күн гана берилди.

Шайлоо мыйзамы боюнча өлкөдө 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).

463 талапкердин 270 ашууну эркек, 190у аялдар.

Кыргызстан боюнча Сокулук району жана Бишкектин батыш бөлүгүндөгү айрым жаңы конуштарды кошкон №19 округда 25 жаран каттоодон өтүп, эң көп талапкер чыкса, эң аз талапкер Манас шаарындагы №11 шайлоо округунда. Мында беш гана талапкер таймашка аттанды. Бир округдан үч депутат шайланарын эске алганда бул шаарда жеңилгендерден жеңүүчүлөр көбүрөөк болот.

Ал эми өлкө боюнча орточо эсепте округдардан 15ден талапкер катышууда.

Талапкерлердин арасынан 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 78и кайрадан шайлоого талапкерлигин койду. Тактап айтканда, ар бир округда орточо үчтөн экс-депутат кайрадан мандат алууга ат салышууда.

Талапкерлердин эң жашы - 12-округдан 25теги Бекмурза Чолпонбай уулу менен 29-округдан Мадина Таштанбекова, эң аксакалы - профессор Сулайман Кайыпов.

Талапкерлердин ичинде бир округдан атаандаш болуп чыккан туугандар да бар. Маселен, №15-Аксы, Ала-бука округунан эже-сиңди Айсаракан жана Салтанат Абдибаевалар бири-бирине атаандаш болсо, №1 Баткен-Лейлек округунан Чыңгыз Ажыбаев жана Асел Набиева - күйөө бала - кайнеже.

Ал эми бир үй-бүлөдөн эки башка округда ат салышкан илимпоз Сулайман Кайыповдун үй-бүлөсү болду. Тагыраагы, Кайыпов 12-округдан чыкса, уулу Эржан Сулайман 24-округдан ат салышууда.

Быйыл өзгөртүлгөн шайлоо мыйзамына ылайык, талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүлгөн. Буга кошумча өлкө аймагында беш жыл туруктуу жашагандар гана талапкер боло алды.

Дал ушул жагдайлар буга чейин коомчулукта талкууланып, шайлоодо бардар талапкерлерге "артыкчылык берилбейби" деген талкууларды жаратты.

Кыргыз бийлиги бул шайлоону тарыхта эң таза добуш берүү болорун утур-утур эскертип жатты. Бийликтин шайлоого өзгөчө көңүл бурушунун жөнү бар. Эгемен Кыргызстандын тарыхында үч жолу элдик толкундоо дал ушул шайлоодогу нааразылыктардан улам чыккан. Дал ушул жагдайдан улам бийлик бул жолку саясий өнөктүктү туруктуулук шартында өткөрүп, мыйзам бузууларга жол берилбесин убада кылып жатты.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG