Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды.
Саат 8:00дө өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Мындан тышкары чет өлкөдө 100 добуш берүү тилкеси жана Кыргызстанда аралыктан добуш берүү үчүн 27 кошумча тилке ачылган.
"Муну менен катар эл көп жүргөн жерлерде - соода борборлордо, базарларда, медициналык мекемелерде, Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозумчак кендеринде жана башка объектилерде 27 аралыктан добуш берүү башталды", - деди Шайназаров.
Ал Кыргызстандан чыгыш аймакта жайгашкан Түштүк Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Монголияда жана Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймактарында шайлоо тилкелери ишин баштаганын белгиледи.
Борбордук шайлоо комиссиясы бир округдан үч талапкер чыкса, бир гана талапкерге добуш берүү керектигин эскертти.
"Бир канча кишиге добуш берилген бюллетень жараксыз деп табылат. Жеңүүчүлөр добуштун жыйынтыгы менен автоматтык түрдө аныкталат. Депутаттык мандатты добушту көп алган үч талапкерге берилет. Мунун өзүндө гендердик теңсалмактуулук сакталат. Үч лидер тең эркек болсо, үчүнчү мандат көбүрөөк добуш алган аялга ыйгарылат", - деп билдирди БШК.
"Азаттыктын" кабарчысы Кундуз Кызылжарова Каракол шаарынан №3147 округунан добуш берүүгө аракет кылган. Ал каалаган участоктон добуш бергенде система кабыл албай турганын, системадан чыкпагандар көк болуп күйүп каларын билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бул тууралуу текшерүү иштери жүрөрүн билдирди. Ал аралыктан добуш берүү боюнча система буга чейин бир нече ирет сыналганын, техникалык жактан мүчүлүштүктөр болбой турганын белгиледи.
Андан кийин тактоо киргизип, жаран өзү катталган округ ичинде башка шайлоо участогуна барганга болбой турганын, өзүнүн гана шайлоо тилкесине барышы керектигин белгиледи.
Шерине