Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Шайлоо: Эреже бузуулар жөнүндө 269 билдирүү түштү

  • Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү.
  • Өлкө боюнча 30 шайлоо округу түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
  • 460 талапкердин 271и эркек, 189у аял.
  • Боршайком 37 кишини талапкер катары каттоодон баш тарткан.
  • Талапкерлердин 78и мурдагы депутаттар. 24-сентябрда 7-чакырылыштагы парламент өзүн-өзү тараткан.
  • Боршайком билдиргендей, 4 294 243 шайлоочу добуш берет. Анын 48,47% эркектер, 51,52% аялдар.
  • Шайлоого 800гө жакын эл аралык байкоочу көз салат.





09:15 30.11.2025

Борбордук шайлоого комиссиясы (БШК) шайлоо күнүндө, 30-ноябрда добушканаларга барууга мүмкүнчүлүгү жок 9318 адам добуш бергенин билдирди. Жалпысынан 1332 шайлоо комиссиясынан 10 329 адамдан арыз түшкөнүн маалымдады.

"Добуш берген 9318 шайлоочулардын ичинен, курагына карап 3 323, майыптыгы боюнча 1 933 арыз, саламаттыгына байланыштуу 3 591 жана айрым категориялардагы шайлоочулардан 517 арыз түшкөн. Мыйзамга ылайык, жайдан тышкары добуш берүү ден соолугунан улам же майыптыгы боюнча шайлоо участкаларына келе албаган шайлоочулар, ошондой эле ооруканаларда, камакта кармоо жайларында кармалып турган же алыскы калктуу конуштарды жана мал чарбасынын алыскы участкаларын кошуп алганда, жетүүгө кыйын райондордо убактылуу жашаган жарандар үчүн уюштурулат", - деп жазылган маалыматта.

Каракол шаарындагы добуш берүү. 31-ноябрь, 2025-жыл.
Каракол шаарындагы добуш берүү. 31-ноябрь, 2025-жыл.
09:25 30.11.2025

Абдыжапар Бекматов: Жаран өзү катталган округ ичинде башка шайлоо участогуна барганга болбойт. Өзүнүн гана шайлоо тилкесине барышы керек.

09:41 30.11.2025

Мурдагы депутат, учурдагы талапкер Дастан Бекешев алгачкы мыйзам бузуулар тууралуу өзүнүн Телеграм-каналына айтып чыкты.

Анын айтымында, № 1130 аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз чегинен сырткары чыгып кетишкен.


09:42 30.11.2025

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия, Жапония, Кытай, Малайзия жана Монголияда ачылган 22 шайлоо участкасында добуш берүү жүрүп жатканын билдирди. Бишкек убактысы менен 08.00го карата бул мамлекеттерде жалпысынан 620 адам добуш бергенин кабарлады. Чет мамлекеттерде калган 80ге жакын шайлоо тилкелерин жакында ачыларын белгиледи.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы өлкөдө 2492, андан сырткары аралыктан добуш берүү үчүн 27 шайлоо участкасы ачылганын билдирген.

Ошондой эле 34 чет мамлекетте 100 шайлоо тилкеси уюштурулган жана анын 40ы Орусияда ачылган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG