Украин президентинин таасирдүү администрация башчысы Андрей Ермак кызматтан кетти. Бир нече саат мурда эле өлкөнүн Коррупцияга каршы улуттук бюросу (НАБУ) жана Жемкорлукка каршы прокуратурасы Ермактын үйүндө жана кеңсесинде күтүүсүз тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.
Ермактын кызматтан кеткенин украин президенти Владимир Зеленский 28-ноябрдын кечиндеги видео кайрылуусунда ырастады.
Ал өткөн аптада Женевада өткөн АКШ өкүлдөрү менен согушту жөнгө салуу үчүн Киевдин делегациясын жетектеп барган Ермакка ыраазычылык билдирди.
"Украинанын позициясы сүйлөшүү майданында кандай болушу керек болсо такай ошондой берилип келди. Ар дайым мекенчил позиция болду. Бирок мен ушак-айыңдарга жана божомолдорго орун калтыргым келбейт", – деди Зеленский.
Ал 29-ноябрда Башкы штабдын жетекчиси, Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы жана башка расмий адамдар менен Ермактын ордуна талапкер тандоону талкууларын да кошумчалады.
"100% болгон күчүбүз Украинаны коргоого багытталат. Мамлекетибиздин кызыкчылыгы, мамлекетибизди коргоо үчүн азыр баары дал ушундай иш алып барышы керек. Бул өзгөрбөс принцип. Америка тарап менен жолугушуулар жакынкы убакта өтөт", - деп кошумчалады Зеленский.
29-ноябрда эртең менен Коррупцияга каршы улуттук бюро билдирүү таратып, Ермактын кеңсесинде тинтүү жүрүп жатканын, "тергөө аракеттери мыйзамдуу негизде жүргүзүлүп, иликтөөнүн бир бөлүгү болуп саналарын" маалымдаган. Бул маалыматты көп өтпөй Ермак өзү да ырастап, тергөөчүлөр менен кызматташып жатканын айткан.
"Тергөөчүлөргө эч кандай тоскоолдук болгон жок. Батирди толук ачып бердик, адвокаттарым да ошол жерде болуп, укук коргоо органдары менен иштешүүдө", - деген Ермак.
Ермак украин саясатындагы салмактуу аткаминер. Бирок акыркы жумаларда өлкөнү солкулдаткан коррупциялык чуудан кийин аны кызматтан кетирүү талаптары айтыла баштаган. Анткени энергосектордогу ири жемкорлук схемасына Зеленскийге жакын бир катар таасирдүү адамдар аралашканы ачыкка чыга баштаган.
54 жаштагы Ермак украин президентинин эң ишенимдүү саясий өнөктөштөрүнүн бири деп саналат.
Алар 2010-жылдардан бери тааныш. Экөөнүн достугу Зеленский саясий аренага чыга электе башталып, тыгыз мамилеси бизнесте чыңдалган. Соңку жылдары Ермак саясий сахнанын артындагы таасирин кыйла күчөткөн.
Буга чейин серепчилер Ермакты кызматтан алуу Зеленскийге "оң колун кескенге барабар" деп баалашкан.
Шерине