Бишкек милициясы добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилген талапкердин жакындары кармалганын 29-ноябрда билдирди. Буга чейин алар издөөдө экени кабарланган.
Маалыматка караганда, тергөөдө пара берүүнү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Л.А.нын жакын туугандары уюштурган. Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (“Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу”) боюнча кылмыш ишин козголду.
“Тергөөнүн жүрүшүндө шайлоочуларды кийин сатып алуу үчүн 360 миң сом которулганы документ менен тастыкталган. Акчаны алгандан кийин алар паракорчулук схемасын кантип ишке ашыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берип, мындан аркы иштөө үчүн шайлоочулардын тизмесин алышкан”, - деп айтылат милициянын маалыматында.
Мурдагы талапкер Л.А.нын 37 жана 27 жаштагы эки тууганы 23-декабрга чейин убактылуу кармоо жайына камалды.
Борбордук шайлоо комиссиясы 27-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңешке шайлоого Бишкектеги №22 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жана №24 округдан талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, кармалгандар Лира Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов.
Шаардык милиция Гүлназ Халилованын пайдасына добуш сатып алуу ишине 43 жаштагы адам, анын 22 жаштагы уулу (Ф.М.) жана Бишкек шаарынын “Восток-5” кичи районунун 64 жаштагы үй комитет башчысы тартылганын билдирген. Үгүтчүнүн батирин тинткенде 80 миң доллар, 116 миң сом, штабдан алынган 29 миң 500 сом, ошондой эле “Восток-5” кичи районунда жашаган шайлоочулардын тизмелери табылган.
БШК Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо мыйзам бузду деген негизде жалпы алты талапкерди жарыштан четтеткен.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 30-ноябрда өтөт. Жалпы 30 округдун ар биринен үчтөн депутат шайланып келет. (КЕ)
Шерине