Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Украинанын бир нече аймагына дрон жана авиабомба менен жапырт чабуул коюлду


Украина коңшусу Орусиянын агрессиясынан 2022-жылдын февралынан бери жабыркап келе жатат.
Украина коңшусу Орусиянын агрессиясынан 2022-жылдын февралынан бери жабыркап келе жатат.

29-ноябрга караган түнү Украинада Орусиянын жапырт аткылоосуна борбор калаа Киев жана Киев облусу, Днепр жана Харьков аймактары кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Алардын айтымында, орус аскерлери учкучсуз учактарды жана авиабомбаларды колдонушту.

Киев калаасында көп кабаттуу бир нече үйгө согуштук дрон тийип, өрт чыкты, имараттардын кээ бир жерлери талкаланды. Жер тамдар да зыян тартканы маалымдалды. Куткаруучулар уранды астынан бир кишинин сөөгүн алып чыгышты. Шаардын мэри Виталий Кличко бир нече киши жараат алганын, арасында 13 жаштагы өспүрүм бала бар экенин айтты.

Харьковдо Орусиянын бутасына энергетикалык инфраструктура алынганы, Днепрде жарылуулар катталганы кабарланды.

Ноябрь айынын ортосунда АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча план иштеп чыкканын, бирок анда негизинен Орусия айтып келаткан талаптар үстөмдүк кыларын жана Кошмо Штаттардын башчысы, анын администрациясы аталган документти тезирээк кабыл алууну талап кылып жатканын жазып чыгышкан.

Украина менен АКШнын өкүлдөрү Женевада жолугушуу өткөрүп, пландын текстин редакциялаган.

Декабрдын башында планды Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф Орусия менен талкуулары, анда Орусиянын Украинанын жерлери боюнча эч кандай талабы жазылбай турганы кабарланган. Орусия президенти Владимир Путин буга байланыштуу "Бизге согушту токтотуу боюнча сунуштар келип жатат, бирок Украинанын аскерлери ээлеп турган аймактардан чыкмайынча согуш токтобойт. Эгер алар чыгып кетпесе, ага куралдуу жол менен жетишебиз" - деп билдирген. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG