Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев 2010-жылдагы Апрель төңкөрүшүндө бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы эместигин билдирди. Бул тууралуу Абыкеев мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде айтты.
Ал Бакиев келсе Кыргызстандагы көп сырдын бети ачылмак деген пикирин билдирди:
“Биринчиден, Беларустун президенти так жана кескин эле айтты “мен өткөрүп бербейм” деп. Экинчиден, Курманбек Бакиевдин өзүнүн деле эчкинин жашындай өмүрү калды. Бирок анын жоопкерчилигинде 7-апрель окуясында каза болгондордун жүгү турат. Ал боюнча кылмыш иши козголгон. Демек, Кыргызстанга келсе, укук коргоо органдары тарабынан камалары анык. Бирок, 7-апрель окуясына жеке эле Бакиев эмес, Убактылуу өкмөттүн да жоопкерчилиги бар экенин жашырбай айтыш керек. Ошол окуяда атылган ок алдынан эмес, артынан тийип каза болгондор боюнча суроолор бүгүнкү күнгө чейин жоопсуз калууда. Аларды түз эле Атамбаев аттырды деп айтуудан алысмын, бирок ошол Форумдан курал-жарак менен келгенин элдин баары билет”.
Абыкеев Бакиевди алып келүүгө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы экенин айтып, Атамбаевдин да Бакиевден олуттуу айырмасы жок деген оюн кошумчалады.
Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин 28-ноябрда "Азаттыкка" анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди. Ал качан кайрыларын тактаган жок, учурда арыз даярдалып жатканын маалымдады.
Быйыл апрель айында Кыргызстандын Конституциялык соту Айткуловдун Бакиевдин ишин анын өзүнүн катышуусу менен кайра кароо ыктымалдыгы тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Анда сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.
Конституциялык соттун бул чечиминен кийин Бакиев Кыргызстанга келет деген сөздөр пайда болгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент келсе камаларын 12-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
Беларус Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын бул өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенко 27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лукашенконун бул жолку Бишкек сапарындагы сүйлөшүүлөрдө Бакиев маселеси тууралуу сөз болбогонун билдирди.
11-мартта "Кабар" агенттигине курган маегинде мамлекет башчы Садыр Жапаров Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.
"Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" деп жатышат", - деген ал.
4-июнда Жапаров "Кабарга" маегинде журналисттин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясына байланыштуу сот чечими "Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланылат" деп айтканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып:
"Бакиевди алып келүүгө, чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле", - деген.
2010-жылдагы Апрель окуяларына байланыштуу сотто Бакиев баштаган 28 адамга айып тагылган. Мурдагы президент менен тун уулу Марат 30 жылга, кенже уулу Максим жана бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүрүнүн акырына чейин сыртынан соттолгон. Курманбек Бакиевдин тушундагы өкмөт башчы Данияр Үсөновго 15 жылга эркинен ажыратуу тууралуу сырттан өкүм чыккан.
Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, тагылган айыптарды мойнуна албай келет.
Шерине